Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов Москвада өткөн "Евразиялык интеграциянын өлчөөлөрү: транспорт жана логистика, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугу" II эл аралык илимий-практикалык конференциясынын пленардык отурумуна катышты.Өз сөзүндө Руслан Давыдов Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн тышкы соодасын өнүктүрүүдө бажынын ролу, жаңы геосаясий шарттардагы логистикадагы өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди. Ал баса белгилегендей, бажылык башкаруу Түндүк-Түштүк жана Чыгыш-Батыш жаңы эл аралык транспорттук-логистикалык коридорлорунун калыптанышында жана өнүгүшүндө негизги факторлордун бири, Глобалдык Түштүк өлкөлөрү менен ЕАЭБдин товар жүгүртүүсүн көбөйтүүнүн таасирдүү инструменти болуп саналат.
ЕЭК министри ошондой эле ЕЭК тарабынан бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү, бизнес жана жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдады.
Руслан Давыдов ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн 2026-жылдын 11-февралынан тартып электрондук навигациялык пломбалар колдонуларын жарыялады. Алдыңкы технологияларды колдонуу евразиялык интеграциядагы маанилүү окуя болуп саналат, Бирликти жаңы технологиялык деңгээлге чыгарат, сооданы тездетүүгө жана контролдук операцияларды жөнөкөйлөтүүгө өбөлгө түзөт.