Рустан Дженалинов: "ЕАЭБде электрондук транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу боюнча эксперимент жүргүзүү үчүн технологиялык документтердин бүтүндөй пакети түзүлдү"
22.09.2025
ЕАЭБде электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды e-CMR колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун шарттарын "бешилтик" өлкөлөрүнүн өкүлдөрү 22-сентябрда ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Рустан Дженалиновдун төрагалыгы астында профилдик жумушчу топтун отурумунда талкуулашты.

Санариптик технологияларга өтүү тармактагы чыгымдарды азайтат жана эл аралык жүк ташуу менен алектенген бизнестин натыйжалуулугун жогорулатат. Эксперимент ЕАЭБдин бардык беш өлкөсү үчүн "кагазсыз" жүк ташууларды жүзөгө ашыруунун практикалык мүмкүнчүлүгүн көрсөтүшү керек. Ал Россия менен Беларустун ортосундагы ушундай эле пилоттук долбоордун жүрүшүндө топтолгон тажрыйбага негизделген.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык транспорттук коштомо кагаздын негизги форматы катары БУУнун СЕФАКТ D22A стандартына (UN/CEFACT – D22A) негизделген e-CMRди колдонуу боюнча макулдашууга жетишилди. Дал ушул стандарт 2021-2023-жылдары Россия менен Беларустун ортосундагы пилоттук долбоордун алкагында колдонулган.

Жумушчу топ жүк ташуулардын катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн төрт базалык сценарийин макулдашты. Биринчисинде, жүк жөнөтүүчү жана ташуучу А өлкөсүндө, жүк алуучу В өлкөсүндө болот. Экинчисинде, жүк жөнөтүүчү А өлкөсүндө, ал эми жүк ташуучу жана алуучу В өлкөсүндө болушат. Үчүнчүсү үчүн жүк жөнөтүүчү жана ташуучу А өлкөсүндө болуп, В мамлекети аркылуу транзит менен, жүк алуучу С өлкөсүндө болот. Акыркы сценарий боюнча, жүк жөнөтүүчү А өлкөсүндө, В мамлекети аркылуу транзит менен, ташуучу жана жүк алуучу С өлкөсүндө болушат. Кийин сценарийлердин тизмеси кеңейтилиши мүмкүн.

Долбоордун маанилүү бөлүгү — электрондук документ жүгүртүү операторлорунун жана ишенимдүү үчүнчү тараптын ортосунда маалымат алмашуу. Атап айтканда, бул Бирлик өлкөлөрүндө чет өлкөлүк электрондук санариптик кол тамганы таануу ыкмасы жана чек ара аралык документ жүгүртүүсүндө маалыматтык өз ара иштешүү тартиби, алар да тараптар тарабынан аныкталган.

"Бүгүн биз пилоттун алкагында эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды ийгиликтүү колдонуу үчүн зарыл болгон технологиялык документтердин толук пакетин түздүк. e-CMR киргизүүнүн практикалык маселелерин чечүү менен биз ташуучулардын керектөөлөрүн гана жаппастан, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн санариптик теңсиздигинин чектерин да жоебуз", — деп жыйынтыктады Рустан Дженалинов.

Эксперимент эксперттердин эл аралык командасынын бирдиктүү ишин талап кылат жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн, анын ичинде транспорт, санариптештирүү, салык жана бажылык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын, тармактык бирикмелердин, илимий уюмдардын жана бизнес-коомдоштуктун тыгыз өз ара иштешүүсүндө ишке ашырылат.

Жумушчу топтун кезектеги отурумун 2025-жылдын декабрында өткөрүү пландаштырылууда.

e-CMR — бул электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаз, ал CMR Эл аралык конвенциясынын (КДПГ) шарттарында жүктү жөнөтүүчү, ташуучу жана алуучунун ортосундагы үч тараптуу келишимдин ырастоосу болуп саналат.

Пилоттук долбоор санариптик кол тамганын жана "ишенимдүү үчүнчү тараптын" механизмдерин колдонуу менен ар кайсы мамлекеттердин субъекттеринин ортосунда юридикалык жактан маанилүү электрондук документтерди трансчек аралык алмашуунун технологиясын иштеп чыгууну камсыз кылат.

Эксперимент транспорттук документтерди тездетип алууга жана текшерүүгө, транспорттук-логистикалык жана контролдоо-көзөмөлдөө жол-жоболорун жүзөгө ашырууда чыгымдарды азайтууга өбөлгө түзөт.




Скачать исходники фотографий