31-июлдан тарта навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларды көзөмөлдөөнүн экинчи этабы башталат

2026-жылдын 31-июлунан баштап Евразия экономикалык бирлигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндөгү макулдашууну практикалык ишке ашыруунун экинчи этабы башталат.

Бул этаптын алкагында бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууга карата навигациялык пломбаларды колдонуу төмөнкүлөргө карата кеңейтилет:

автомобиль транспорту менен ташылуучу товарлардын бардык категорияларына;

темир жол транспорту менен ташылуучу салык сыйымдуулугу жогору товарлардын айрым категорияларына (кийим-кече, бут кийим, тиричилик техникасы).

Көрсөтүлгөн товарлар, Комиссия Кеңешинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 71 Чечими менен белгиленген алып коюуларды кошпогондо, биринчи этапта аныкталган товарларга кошумча катары көзөмөлдөнүүгө тийиш болот.

Эске салсак, биринчи этаптын алкагында (2026-жылдын 11-февралынан баштап башталган) төмөнкүлөр пломбаланууга тийиш:

- транзиттин, экспорттун бажы процедураларына ылайык автомобиль жана (же) темир жол транспорту менен ташылуучу, ошондой эле өз ара сооданын алкагында мүчө мамлекеттер ортосунда орун котоштурулуучу санкциялык жана акциздик товарлардын айрым түрлөрү (алкоголь/тамеки);

- бажы транзитинин бажы процедурасына ылайык автомобиль транспорту менен ташылуучу товарлардын айрым категориялары (кийим-кече, бут кийим, техника);

– экспорттун бажы процедурасына жайгаштырылуучу курамында никотин бар продукция, никотин чийки заты (Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү Товардык номенклатурасынын 2404, 2939 79 000 0 жана 2939 80 000 0 позицияларында классификациялануучу);