Башкы
/
Жаңылыктар
/
Бакытжан Сагинтаев Шавкат Мирзиёевди Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Бакытжан Сагинтаев Шавкат Мирзиёевди Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
01.09.2026
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Өзбекстан Республикасынын Президенти, ЕАЭБ алдындагы байкоочу-мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиёевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Эгемендүүлүк жылдары экономикалык кайра түзүүлөрдү жүргүзүүдө, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда жана эл аралык аренада Өзбекстандын беделин бекемдөөдө олуттуу ийгиликтердин мезгили болду», – деп айтылат куттуктоо катында.
Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан ЕЭК Коллегиясынын башчысы Өзбекстан Республикасына жана анын жарандарына гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалады.