«Атайын машина куруунун» жети товарына мамлекеттик сатып алууларга жеткиликтүүлүк камсыз кылынды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин мамлекеттик сатып алууларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн товарлардын айрым түрлөрү чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү кабыл алды.


Аталган Эрежелердин «Атайын машина куруу» бөлүмү жаңы товардык аталыш – «жер семирткич чачкычтар» менен толукталды. Ал эми өндүрүш шарттарында эки товардык аталыш («көп чөмүчтүү экскаваторлор жана шар же ролик түрүндөгү подшипниктер») үчүн технологиялык операцияларды аткаргандыгы үчүн упайлар белгиленди.

Ошондой эле, суюк азот жана кычкылтек, электрондук түзүлүштөрү бар медициналык эмеректер жана алардын бөлүктөрү үчүн СТ-1 сертификаты боюнча мамлекеттик сатып алууларга катышууга мүмкүнчүлүк берилди.

Аталган өзгөртүүлөр товарлардын Өнөр жай товарларынын евразиялык реестрине кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат, ЕАЭБ аймагында өндүрүштүк операцияларды локализациялоону тереңдетүүгө өбөлгө түзөт жана мүчө мамлекеттердин мамлекеттик сатып алуулар рынокторунда атайын машина куруу продукциясынын товар жүгүртүүсүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Өзгөртүүлөр Комиссиянын Кеңешинин Чечими расмий түрдө жарыялангандан күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, Евразия өнөр жай товарларынын реестри башка мүчө мамлекеттерден жана (же) үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарларга карата преференциялар, чектөөлөр жана тыюу салуулар белгиленген ЕАЭБ мамлекеттеринин мамлекеттик сатып алууларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.