Жаңылыктар

16.06.2022 (Обновлено: 28.06.2022 14:16)

Сергей Глазьев: "Биздеги өсүш резервдерин Бирликтин ичиндеги кооперацияны өстүрүүгө конвертациялоо зарыл"

Санкциялар менен болгон жагдай интеграциялык процесстерди ыкчамдатып, ЕАЭБдин ички ресурстарын активдештирүүдө жана Бирликтин КМШ жана Бирликтик мамлекет менен кызматташтыгын сапат жактан жаңы баскычка чыгарууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 16-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өткөрүлгөн "Өнүгүү үчүн интеграция: жаңы горизонттор" деп аталган тематикалык сессиянын жүрүшүндө билдирди.

"Үстүбүздөгү жылда ЕАЭБдин КМШнын ЕАЭБге мүчөлүк кылбаган өлкөлөрү менен соодасынын абдан чоң өсүшү байкалууда (60%, 2021-жылы – 30%), бирок анын Бирликтин тышкы соода жүгүртүмүндөгү салыштырма салмагы азырынча жетишсиз жана экономикалардын керектүү байланыштуулугун камсыз кылбайт. Бул, Европа товар рыногунда тоскоолдуктарды орнотуп койгон шарттарда, резервдердин болушун күбөлөндүрөт. ЕБ менен үзүлгөн кооперациялык чынжырлардын ордун натыйжалуу толтуруу үчүн, европалык компаниялар Россиянын жана Беларустун рынокторунан кеткенден кийин пайда болгон абдан чоң товардык нишаны толтуруу үчүн, Бирликтин ичиндеги кооперацияны өстүрүү үчүн шарттарды түзүү зарыл. Товарларды чыгарууну бир жарым эседен ашык көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар", – деп белгиледи Сергей Глазьев.

Ошондой эле, ал бир катар тайкы жерлерди атап өттү. Биринчи кезекте, бул өз ара сооданы жана Бирликтин ичиндеги кооперацияны кеңейтүү үчүн инвестицияларды кредиттөө боюнча жаңы институттарды түзүү зарылчылыгы, ошондой эле өнүгүү институттарынын кубаттуулугун жогорулатуу. Экинчиси, бул каржы рыногу. "Улуттук валюталарга өтүүнү активдештирүү зарыл, алар менен эсеп-кысаптар бул жылы 80-85%га чейин көбөйүшү мүмкүн, – деди ЕЭК министри. – Биздин товар мейкиндигибиз үчүн бир кыйла татаалыраак милдет да бар – тышкы манипуляциялоодон корголгон жеке стабилдүү баа түзүү тутумубузду түзүү".

Сергей Глазьев жакынкы убакытта биржалардын маалыматтык тутумдарын бириктирүүнү жана бааларды улуттук валюталарда номинациялоону караштырган ЕАЭБдин жалпы биржа рыногун түзүү концепциясы көрсөтүлмөкү деп билдирди. "Күн тартибинде – улуттук валюталардын жана биржа товарларынын себетине негизделген жаңы туруктуу эсеп-кысап валютасына өтүү маселеси, ошондой эле жеке стабилдүү баа түзүү тутумун түзүү. Мындай принциптер менен ЕАЭБде гана эмес, ШКУ мейкиндигинде да иштөө зарыл", – деп ЕЭК министри корутундулады.

Ошондой эле, Сергей Глазьев Комиссия региондун негизги уюмдары болгон КМШ, ШКУ жана Беларусь жана Россия Бирликтик мамлекети менен диалог үчүн инфраструктураны түзүүгө жетишкендигин белгиледи. "Диалогду мындан ары да өнүктүрүү, пайда болуп жаткан маселелерди чечүү боюнча жалпы мамилелерди иштеп чыгуу, тажрыйба жана алдыңкы интеграциялык практикаларды алмашуу, максаттуу программаларды жана жогорку технологиялык долбоорлорду биргеликте иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маанилүү", – деп Сергей Глазьев баса белгиледи.

Маалымат

Иш-чарага Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруучу комитетинин Төрагасы – Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев, Беларусь жана Россия Бирликтик мамлекетинин Мамлекеттик катчысы Дмитрий Мезенцев, Түркмөнстандын каржы жана экономика министри Мухамметгелди Сердаров, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин Төрагасы, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов катышышты.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү