Спикерлер эки өлкөнүн кызматташтыгынын долбоорлорун жана перспективаларын талкуулашты. Негизги темалардын арасында – Монголиянын жана Россиянын тышкы экономикалык ишмердигин уюштуруу маселелери, эки өлкөнүн өз ара туризмин, анын ичинде медициналык туризмди өнүктүрүүнүн перспективалары, креативдүү багыттарды өнүктүрүү, курулуш индустриясындагы өнөктөштүк.
Сергей Глазьев пленардык отурумда белгилеп өткөндөй, Монголия Евразия экономикалык комиссиясы 2015-жылы кызматташтык жөнүндө меморандум түзгөн алгачкы мамлекет болгон. Ошондон бери жумушчу топ иштеп, анын алкагында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жана Монголиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып келет.
"Биз Монголияны Азиядагы негизги өнөктөшүбүз катары көрөбүз. Учурда иштелип чыгып жаткан ЕЭКтин жана Монголиянын Өкмөтүнүн 2025-жылга чейинки кызматташтык планы жаңы жетишкендиктерди, биздин соода-экономикалык, кооперациялык, инвестициялык өз ара аракеттенүүбүздү кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү караштырышын каалар элем", – деди Сергей Глазьев.
Ошондой эле, пленардык сессияда РФ Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары – РФ Президентинин Ыраакы чыгыш федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Юрий Трутнев, Монголиянын Азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин Мамлекеттик катчысы Тумур-Уяа Жамбалцэрэн, Монголиянын РФтеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улзийсайхан Энхтувшин сөз сүйлөштү.
Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач катышкан өзүнчө панелдик сессия Монголиянын жана Россиянын тышкы экономикалык ишмердигин уюштуруу маселелерине арналды.
Форумдун алкагында көргөзмө-жарманке өткөрүлүп, анда россиялык жана монголиялык ишкерлер өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана инвесторлор үчүн перспективдүү чөйрөлөр жөнүндө айтып беришти. Катышуучулардын арасында – "Бурятагроснаб" ("Ростсельмаш" жана "Алмаз" комбайн заводдорунун расмий дилери), "Бурятмяспром", "Дикая Сибирь", Байкал текстиль комбинаты жана башкалар. Иш-чара эки өлкөнүн бизнес жана бийлик өкүлдөрүнө ишкердик байланыштарды түзүүгө жана натыйжалуу өз аракеттенүүнү жолго коюуга мүмкүндүк берди.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү