Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 20-декабрдагы отурумда 2024-жылга чейин Евразия экономикалык бирлигинде өндүрүшүн камсыз кылуу сунушталган медициналык колдонуу үчүн дары-дармек препараттарынын жана фармацевтикалык субстанциялардын тизмеси жөнүндө сунуштаманы бекитти.
"Учурдагы катаал экономикалык реалдуулуктарды эске алуу менен, биз бул тизмек Бирликтин дары-дармектик коопсуздугун камсыздоонун баштапкы чекити болуп калат деп ишенебиз", - деп баса белгиледи ЕЭКтин Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян.
Документ ЕЭКтин өнөр жай блогу тарабынан Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу ведомстволору менен биргеликте, ЕАЭБ мамлекеттеринин медициналык колдонуу үчүн стратегиялык маанилүү дары-дармектер жана фармацевтикалык субстанциялар менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралардын тиешелүү планын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Иш-чаралар планы мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары өткөн жылдын ноябрында бекитилген.
Тизмекти түзүүдөн тышкары, планда вакциналардын биргелешкен өндүрүшүн уюштуруу маселесин иштеп чыгуу, дары-дармектерди жана фармацевтикалык субстанцияларды өндүрүү чөйрөсүндө кооперациялык долбоорлорду каржылоо жөнүндө сунуштарды даярдоо, бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларын колдонууну иштеп чыгуу жана башка бир катар иш-чаралар камтылган.