Жаңылыктар

14.06.2022 (Обновлено: 28.06.2022 09:41)

Органикалык продукция рыногун тутумдук мамлекеттик колдоо өзгөчө мааниге ээ болууда

Евразия экономикалык комиссиясынын АӨК боюнча консультативдик комитетинин отурумунун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө тиешелүү бир катар маселелерди карап чыгышты.

Атап айтканда, сортторго сыноолорду жүргүзүүгө карата жалпы усулдук мамилелер жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктарынын сорттук жана себүүчүлүк сапаттары жөнүндө өз ара таанылуучу документтердеги маалыматтардын бир түргө келтирилген курамы макулдашылды. Документтер Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2021-жылдын 21-майындагы чечимин аткаруу үчүн даярдалды жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө алар сатып алып жаткан үрөндөрдүн сапаты жөнүндө толук маалыматты алууга жардам берет.

"Бул сезимтал тармакта Комиссиянын ченемдик документтеринин ырааттуулук менен кабыл алынышы бизнес менен кооперациялашып, биздин мамлекет башчыларыбыз үрөндөрдүн бирдиктүү рыногун өнүктүрүү жана тоскоолдуктарсыз чөйрөнү түзүү боюнча койгон милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берет", – деди ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян.

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү "Органикалык айыл чарбаны мамлекеттик колдоонун эл аралык тажрыйбасы" серебин жактырышты. Документ органикалык продукциянын глобалдык рыногунун тенденциялары жана перспективалары, ЕАЭБдеги жана бир катар үчүнчү өлкөлөрдөгү органикалык айыл чарбаны колдоого карата мамилелер жөнүндө маалыматтарды, Бирликтин мамлекеттерине сунуштарды жана сунуштамаларды камтыйт.

"Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, органикалык айыл чарба жаатында ченемдик базаны кабыл алуу менен катар, аталган рынокту тутумдук мамлекеттик колдоо чоң мааниге ээ: өндүрүүчүлөрдү субсидиялоодон баштап, тийиштүү окутуу программаларын, илимий изилдөөлөрдү жана жарнамалык кампанияларды ишке ашырууга чейин", – деп ЕЭК министри баса белгиледи.

Кеңешменин катышуучулары Комиссия Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте даярдаган ЕАЭБдин жалпы товар бөлүштүрүү тармагын түзүү жөнүндө баяндаманы карап чыгышты. Ал товар бөлүштүрүү тармагынын негизги компонеттерин, анын ичинде квалификациялуу сактоонун, транспорт инфраструктурасынын кубаттуулуктарын баалоону, азык-түлүк продукциясын тоскоолдуктарсыз транзиттөө мүмкүнчүлүктөрүн талдоону, ошондой эле санариптик платформаларды камтыйт.

"Биз жүргүзгөн баалоонун натыйжасында ЕАЭБде учурда иштеп жаткан логистика тутумдарын, транспорт инфраструктурасын, санариптик платформаларды өркүндөтүү жана модернизациялоо маанилүү экендиги аныкталды", – деп ЕЭКтин агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян белгиледи.

Мындан сырткары, аталган иш-чарада тараптар Комиссиянын жана Бирликтин өлкөлөрүнүн асыл тукум продукциясынын импортун алмаштырууга жана асыл тукум мал чарбачылыгынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган ишинин жүрүшүн талкуулашты. ЕЭКтин агроөнөр жай саясаты департаменти ЕАЭБдин асыл тукум мал чарбачылыгында Жаныбарларды эсепке алуу боюнча эл аралык комитеттин (ICAR) сунуштамаларын жана усулдарын киргизүү боюнча иш-чаралардын, ишмердиктин пландарынын керектүү долбоорлорун даярдоо, координациялык кеңешмеде айыл чарба жаныбарларын геномдук селекциялоонун интеграцияланган тутумун түзүү жөнүндө демилгени кароонун натыйжалары боюнча маалыматтарды, ошондой эле "Асыл тукум жаныбарлар жана асыл тукум мал чарбачылык чөйрөсүндөгү селекциялык жетишкендиктер жөнүндө маалыматтар базасын түзүү, алып баруу жана колдонуу" деп аталган жалпы процессти иштеп чыгуунун абалы жөнүндө маалыматтарды көрсөттү. ЕЭК эксперттеринин пикири боюнча, жетишилген келишкендиктерди ишке ашыруу Бирликтин мамлекеттеринде асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн драйвери катары кызмат кылат, импорттон көз карандылык деңгээлин төмөндөтөт, асыл тукум продукциясынын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатат.

Маалымат

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2021-жылдын 21-майындагы № 7 чечими менен мүчө мамлекеттердин сортторду сыноо жана үрөнчүлүк чарбасы жаатындагы мыйзамдарын бир түргө келтирүүгө багытталган, 2022-2025-жылдарга карата чаралардын тизимеги бекитилген.

ICAR – дүйнөлүк мал чарбачылыкта маалымат алмашуу, окутуу жана кызыкдар болгон тараптардын өз ара аракеттенүүсү үчүн ачык тармак болуп саналган эл аралык өкмөттүк эмес уюм. ICARдын максаттары – жаныбарларды идентификациялоо, алардын келип чыгышын каттоо, өндүрүмдүүлүгүн эсепке алуу, алардын генетикасын баалоо, ошондой эле өндүрүштүк тутумдардын мүнөздөмөлөрүн жана алардын жаныбарлардын ден соолугуна, өндүрүмдүүлүгүнө, тамак-аш азыктарынын сапатына жана айлана-чөйрөгө таасирин аныктоо үчүн эрежелерди жана стандарттарды иштеп чыгуу аркылуу жаныбарларды идентификациялоо, алардын өндүрүмдүүлүгүн эсепке алуу жана баалоо ыкмаларын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү.

 ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү