ЕАЭБ менен Индонезиянын ортосунда Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду
21.12.2025

21-декабрда Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун талааларында бир тарабынан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттери, экинчи жагынан Индонезия Республикасы ортосунда Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Документке төмөнкүлөр кол коюшту: Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Наталья Петкевич, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – улуттук экономика министри Серик Жумангарин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Данияр Амангельдиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев, ошондой эле Индонезия Республикасынын соода министри Буди Сантосо.

Индонезия Республикасы – калкынын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү өлкө жана АСЕАНдын ири экономикасы. Күтүлгөндөй, эркин соода жөнүндө кол коюлган макулдашуу Бирликтин өлкөлөрүнүн Индонезия менен соодасын сапаттык жаңы деңгээлге алып чыгат.

Келишимди түзүү боюнча иштер 2022-жылдын декабрь айында башталган. Үч жылдын ичинде тараптар кеңири маселелерди камтыган документти түзө алышты.

"Түзүлүп жаткан жаңы соода режиминин алкагында индонезиялык тарап товардык номенклатуранын 90%на карата преференциялык жеткиликтүүлүктү ачты. Бирликтин жеңилдиктери өнөктөш үчүн товардык номенклатуранын 90,5%ын жабат", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Ал биздин өлкөлөр үчүн преференциалдык экспорттук жабуу нарктык мааниде учурдагы экспорттун 94%дан ашыгын камтый тургандыгын тактады. Соода режимин либералдаштыруунун натыйжасында Индонезия тарабынан ЕАЭБ товарларына карата колдонулуучу орточо ставка беш эсеге – 10,2%дан 2%га чейин төмөндөйт.

Товардык өңүттө ЕАЭБдин дан эгиндери (буудай, тары, кара буудай, сулу), татымалдар, ундун айрым түрлөрү, нан-токоч азыктары, балык жана ири мүйүздүү малдын эти, сүт продукциясы, анын ичинде кургак сүт жана сырлар, минералдык суулар сыяктуу негизги айыл чарба товарларына жана башка көптөгөн позицияларга преференциалдык жеткиликтүүлүк камсыздалат.

Өнөр жай секторунун алкагында төмөнкү товардык категориялар боюнча жеңилдиктер берилген: металлургия өнөр жайынын продукциялары, мунай өнүмдөрү (жеңил жана башка дистилляттарды кошкондо), көмүр жана антрациттер, жер семирткичтер, баштапкы формадагы полимерлер, токой өнөр жай комплексинин продукциялары (фанера, эмерек ж.б.), курулуш техникалары жана жабдуулардын ар кандай түрлөрү.

Индонезия Республикасы ошондой эле керектөө товарларынын кеңири номенклатурасы боюнча жеткирүүнү көбөйтө алат. Кеп, анын ичинде автокомпоненттер, электроника продукциялары (тиричилик приборлору), кийимдин жана бут кийимдин айрым түрлөрү жөнүндө болууда.

"Макулдашуунун натыйжалары тарифтерди төмөндөтүүдөн алда канча кеңири болот. Анын маанилүүлүгү ошондой эле соодадагы тоскоолдуктарды четтетүүгө жана аны кыйла жөнөкөй жана алдын ала болжолдуу кылууга багытталган жөнгө салуучу жоболордун комплекси менен аныкталат, бул эл аралык соодада болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн шартында өзгөчө актуалдуу", – деп баса белгиледи Андрей Слепнев.

Кеп техникалык стандарттар жана санитардык ченемдер, бажылык башкаруу жана товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, ошондой эле катышуучу-өлкөлөрдүн экономикасынын келечегин аныктоочу экономикалык өнүгүү багыттарында тармактык кооперациянын инструменттеринин бүтүндөй спектрин колдонуу үчүн укуктук негиздерди түзүү жөнүндө болуп жатат.

"Биздин сооданын өнүгүү дараметин түшүнүү менен жана Индонезия экономикасынын өсүшүнүн олуттуу темптерине байкоо жүргүзүп, макулдашуу күчүнө киргенден кийинки жакынкы 3-5 жылдын ичинде товар жүгүртүүбүз эки эсеге өсүшү мүмкүн деп эсептейбиз", – деп ЕЭКтин соода боюнча министри ишенимин билдирди.

Эркин соода жөнүндө кол коюлган макулдашуу Индонезияда жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ратификациялык жол-жоболорду жүргүзүү үчүн сунушталат.