ЕАЭБде товарларды электрондук соодалоо жөнүндө макулдашууга 2025-жылдын аягына чейин кол коюлушу мүмкүн
18.07.2025

17-18-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Аскат Бековдун төрагалыгы астында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аткаруу бийлик органдарынын жана бизнесинин катышуусу менен бетме-бет эксперттик консультациялар болуп өттү, алардын жүрүшүндө ЕАЭБде Товарларды электрондук соодалоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун мамлекеттик ички макулдашуунун жыйынтыктары каралды.

Катышуучулар товарлардын өз ара электрондук соодасын жалпы бирликтик жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү, керектөөчүлөрдүн укуктарын камсыздоо жана аларды коргоо принциптери, электрондук документ жүгүртүүнү колдонуу боюнча мамилелер, бирдиктүү түшүнүк аппаратынын негиздери, санариптик товарларды жүгүртүү шарттары жаатында калган пикир келишпестиктерди талкуулашты.

"Макулдашуунун негизги милдети — Бирликтин ички рыногунда электрондук сооданы жүзөгө ашыруунун жалпы ачык-айкын эрежелерин белгилөө. Бул товарлардын жана коштоочу кызматтардын эркин жүрүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет, бул тез санариптештирүүнүн натыйжасында бардык өлкөлөрүбүздүн экономикасынын өсүшү үчүн олуттуу түрткү берет", – деп белгиледи Аскат Беков.

Болуп өткөн консультациялардын жыйынтыктарын эске алуу менен ЕАЭБде товарларды электрондук соодалоо жөнүндө макулдашууга кол коюу 2025-жылдын аягына чейин ишке ашырылышы мүмкүн.

Макулдашуу 2021-жылы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.