ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы эркин соода жөнүндө сүйлөшүүлөргө өтүүнү жана тиешелүү макулдашууну түзүүнү алдын ала турган биргелешкен изилдөөлөрдүн фазасы аяктайт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев 28-январда Монголиянын бийлик органдарынын өкүлдөрү үчүн маалыматтык-сереп семинарында билдирди.
"Биздин эксперттер көптөгөн иштерди жүргүзүшүп, бизде талдоо үчүн олуттуу материалдар топтолду, - деп белгиледи министр саламдашуу сөзүндө. - Бүгүнкү күндө бул изилдөөнүн негизинде кызматташуунун реалдуу күн тартибин жаңы идеялар менен толтурууга жана бул кызматташтыкты жаңы сапаттык деңгээлге, сооданын жаңы көлөмдөрүнө чыгарууга мүмкүндүк берген чаралар, конкреттүү кадамдар жана долбоорлор жөнүндө ойлонуу керек".
Андрей Слепнев Евразия экономикалык бирлигинин рыногунун жогорку потенциалы жана ага монголиялык продукцияны жеткирүү жагынан мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, рыноктун ачыктыгын өз ара, тең салмактуу кылууга жана эки тараптын ишканалары үчүн конкреттүү натыйжаларга алып келүүчү чечимдерди табуу - жалпы маселе болуп эсептелет.
Буга байланыштуу ЕЭКтин соода боюнча министри семинар монголиялык өнөктөштөргө ЕАЭБдин иштеши менен кененирээк таанышууга, чечим кабыл алуу системасын түшүнүүгө жана болгон маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берерине ишенимин билдирди. "Анын ичинде бул маалымат терең талдоо жүргүзүүгө жана кызматташуунун конкреттүү багыттары үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого мүмкүндүк берет", - деп корутундулады Андрей Слепнев.
Өз кезегинде Монголиянын тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг ЕАЭБ менен айыл чарба, жеңил жана оор өнөр жай, тоо-кен тармагы жана транспорт сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди. "Биздин адистер биздин жетишкендиктерибизди жана ийгиликтерибизди гана эмес, кызматташтыгыбыздын темпин жайлаткан маселелерди да ачык жана конструктивдүү карашат деп ишенем", - деп баса белгиледи ал.
Монголиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын айтымында, евразия багытындагы эл аралык кызматташтык өлкөнүн негизги стратегиялык артыкчылыктарынын бири болуп саналат, ал эми динамикалуу өнүгүп жаткан Евразия экономикалык бирлиги менен координациялоо боюнча күч-аракеттер активдештирилет.
ЕЭКтин өкүлдөрү монголиялык кесиптештерине ЕАЭБде бирдиктүү рыноктун иштеши жана төрт "эркиндик" жөнүндө, жалпы соода саясатын ишке ашыруу, техникалык, ошондой эле санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык жөнгө салуу маселелери жөнүндө айтып беришти.
Тарифтик эмес чектөөлөрдүн жана техникалык тоскоолдуктардын конкреттүү учурларына талдоо жүргүзүлүп, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору белгиленди. Семинардын катышуучулары бизнестеги кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты жана биргелешкен долбоорлорду жана программаларды карап чыгышты. Жыйын интерактивдүү форматта өттү: монголиялык тараптан келип түшкөн ар түрдүү пландагы суроолорго жооптор берилди.
ЕЭК тараптан иш-чарага интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Наталья Жукова, техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо департаментинин директору Тимур Нурашев, ошондой эле башка кызмат адамдары жана адистер катышты.
ЕЭК тараптан талкууну соода саясаты департаментинин директору Игорь Назарук, Монголия тараптан - Тышкы иштер министрлигинин тышкы соода жана экономикалык кызматташтык департаментинин директору Ганболд Улзийсайхан алып барышты.
Маалымат
Акыркы бир нече жылда ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы соода жүгүртүү бир жарым эсеге жогорулаган (47%га, 2016-жылдагы 1 млрд АКШ доллардан 2020-жылдагы 1,5 млрд АКШ долларга чейин).