Бангладеш Эл Республикасынын Премьер-министри Шейх Хасина Премьер-министр катары кайра шайланышына байланыштуу анын дарегине куттуктоо жөнөткөндүгү үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичке ыраазычылык билдирди.
"Бангладеш Республикасынын калкынын жашоосун жакшыртуу ар дайым менин күн тартибимдин артыкчылыгы болуп келген, – деп айтылат Шейх Хасинанын катында. — Өкмөттүн туруктуулугунун аркасында биз акыркы 15 жылда болуп көрбөгөндөй социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетиштик жана жакынкы 5 жылда мындан дагы көп ийгиликтерге жетише алабыз. Менимче, биз 2041-жылга чейин кирешеси жогору өлкө болууга умтулуу менен туура жолду тандадык".
Шейх Хасина тараптардын кызматташтыгын тереңдетүү Бангладештин калкы үчүн да, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери үчүн да маанилүү жана өз ара пайдалуу болуп саналат деп ишенет. Ал "эгер бул өнөктөштүк күчөтүлсө, натыйжалуу болсо, өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда көбүрөөк кызматташууга багытталса", ал кубанычта болорун баса белгиледи.
Эскерте кетсек, буга чейин Михаил Мясникович куттуктоо катында быйылкы 7-январдагы шайлоодо Шейх Хасинанын жаңы ынанымдуу жеңиши Бангладеш Республикасынын эли Премьер-министр өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү багытында жүргүзүлүп жаткан курска чыныгы колдоо көрсөтүүсүн тастыктагандыгын белгилеп өткөн. Комиссиянын Коллегиясынын башчысы Бангладеш Өкмөтү менен ЕЭКтин ортосунда, анын ичинде 2019-жылы кол коюлган Кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында өз ара иштешүүнү тереңдетүүгө ишенимин билдирди.
Бангладеш Эл Республикасында башкаруучу "Авами лиг" ("Элдик лига") партиясынын лидери, Премьер-министр Шейх Хасина катары менен төртүнчү жолу жана саясий карьерасында бешинчи жолу өкмөт башчы кызматын ээледи.