Башкы
/
Жаңылыктар
/
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыгы экономикалык өсүштүн катализатору болушу мүмкүн
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыгы экономикалык өсүштүн катализатору болушу мүмкүн
14.08.2025
Евразия экономикалык комиссиясы расмий сайтында евразиялык туристтик маршруттары жөнүндө тематикалык бөлүмдү түзөт, анда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн 400дөн ашык туристтик объектилери жөнүндө маалыматтар камтылат. Бул туурасында ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Лусине Багратуни 14-августта Бостериде (Кыргызстан) өткөн Кыргыз-Россия экономикалык форумунда "Евразия туризминин санариптик вектору: Интеграция жана өсүү стратегиялары" сессиясынын жүрүшүндө билдирди.
Комиссиянын өкүлүнүн сөзү боюнча, дүйнөлүк экономикада туризм жогорку кирешелүү жана динамикалуу өнүгүп жаткан тармактардын бири болуп саналат. Туризм дүйнөлүк улуттук дүң өнүмдүн 10%га жакынын, дүйнөлүк инвестициянын 7%дан ашыгын түзөт.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн географиялык жакындыгын эске алуу менен, бул чөйрөдөгү кызматташтык экономикалык өсүштүн катализатору, жумуш орундарын түзүүнүн жана ишкердикти өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп калышы мүмкүн, — деп баса белгиледи Лусине Багратуни. — Биздин мамлекеттер эбегейсиз зор рекреациялык потенциалга ээ — тоолуу көлдөрдөн жана талаалардан тартып тарыхка бай дүйнөлүк деңгээлдеги шаарлар менен маданий борборлорго чейин. Бирок, бул потенциал суроо-талапка ээ болушу үчүн, биз XXI кылымдын туристи менен бир тилде — санарип технологияларынын тилинде сүйлөшүбүз керек".
Түзүлүп жаткан бөлүм улуттук туристтик порталдардын маалыматтарын бириктирип, интерактивдүү карталарды, маршруттарды жана ЕАЭБ өлкөлөрү боюнча саякатчылар үчүн актуалдуу маалыматтарды сунуштайт.