ЕЭК Кеңешинин чечими менен Мамлекеттик сатып алуулар максатында айрым товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелерине маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди. СТ-1 сертификатынын негизинде мамлекеттик сатып алуулар максатында өнөр жай товарларынын Евразиялык реестрине киргизилген товарлардын тизмеги (2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелерине ылайык берилет) товарлардын дагы 81 түрү менен толукталды.
Аларга асма чырактар, үтүктөр, микротолкундуу мештер, кофе же чай даярдоо үчүн электр шаймандары, матрацтар, электрдик суу жылыткычтар, чаң соргучтар, шлагбаумдар, микроскоптор жана башкалар кирет.
ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султановдун айтымында, эми бул товарларды Евразиялык реестрине киргизүү үчүн өндүрүүчү товардын келип чыгуусунун СТ-1 сертификатын бере алат. "Бүгүн кабыл алынган толуктоолор ишкерлерге товарларын евразиялык реестрге киргизүү жол-жобосун кыйла жеңилдетет, мындай товарлардын социалдык маанилүүлүгүн эске алуу менен бул өзгөчө маанилүү", - деп белгиледи ЕЭК министри.
Мындан тышкары, Кеңештин чечими менен СТ-1 сертификатынын негизинде өнөр жай товарларынын Евразиялык реестрине атайын техниканын сегиз позициясын 2023-жылдын 30-июнуна чейин, троллейбустар үчүн - 2023-жылдын аягына чейин, жеңил өнөр жай товарлары жана кагаз үчүн - 2024-жылдын аягына чейин киргизүү мүмкүнчүлүгүнүн мөөнөтү узартылган.