ЕЭК Кеңеши өнөр жай кооперациясын каржылоо механизминин алкагында субсидиялоого алгачкы эки өтүнмөнү жактырды

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Муром жебе заводу жана Kazrost Engineering Ltd компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан эки кооперациялык долбоорду ишке ашырууга Евразия экономикалык бирлигинин бюджетинен субсидияларды берүү боюнча биринчи өтүнмөнү жактырды.

Биринчи долбоор поезддердин ылдам жана жогорку ылдамдыктагы кыймылы үчүн жебелер продукциясын сериялык чыгаруу үчүн, анын ичинде Россия Федерациясынын аймагында жогорку ылдамдыктагы Москва – Санкт-Петербург темир жол магистралын (ЖЫТМ-1) жана жүк жүктөлгөн магистралдарды курууда продукцияны пайдалануу үчүн өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө багытталган.

Экинчи долбоордун максаты болуп жабдууларды сатып алуу жана комбайн кабинасын локализациялоо бөлүгүндө өндүрүштү кеңейтүү, Казакстан Республикасынын аймагында айыл чарба техникаларын өндүрүү боюнча ишкананын долбоордук кубаттуулугун жогорулатуу саналат.

ЕАЭБ өндүрүүчүлөрүн каржылык колдоонун жаңы механизми Бирликтин бюджетинен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга каржы уюмдары тарабынан берилген кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздык чендерди субсидиялоону карайт.

ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары бизнес үчүн болуп көрбөгөндөй шарттарды – мүчө мамлекеттин борбордук (улуттук) банкынын негизги коюмунун 100% өлчөмүндө компенсацияны жактырышкан.

Өнөр жай жаатындагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоонун жаңы механизмин ишке киргизүү Бирлик өлкөлөрүнө технологиялык өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгууга мүмкүндүк берет, өндүрүштүн жаңы моделдерин түзүүгө, ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана өз ара инвестицияларды өстүрүүгө көмөк көрсөтөт.