ЕАЭБдин органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун түзүү боюнча жол картасынын долбоору жактырылды
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда ЕАЭБде органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун түзүү боюнча жол картасынын долбоору жактырылды. Документти кабыл алуу Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн агроөнөр жай өндүрүшүнүн эң перспективдүү жана маржиналдык багыттарынын бириндеги кызматташтыгы үчүн керектүү базаны түзүүгө мүмкүндүк берет.

Дүйнөдө органикалык продукциянын рыногунун динамикалуу өсүшү байкалууда. Органикалык айыл чарба илимий-изилдөө институтунун (FiBL) ушул жылда жарыяланган маалыматтарына ылайык, глобалдык рынок 100 млрд евродон ашуун суммага бааланууда.

"Евразия экономикалык бирлигинде мындай өндүрүштүн өсүш темптери анча жогору эмес бойдон калууда: органикалык айыл чарба үчүн иштетилген аянттардын үлүшү жалпы айдалган жерлердин 1% ашпайт. Бирдиктүү мыйзамдардын жоктугу бул тармактын өнүгүүсүн басаңдатууда, мунун натыйжасы өз ара сооданын төмөнкү деңгээли жана өлкөлөрдүн ортосундагы кооперация процессинин жетишсиз өнүккөндүгү болууда, – деп ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян баса белгиледи. – Бирок оң динамика да бар, жана ал Бирликтин өлкөлөрүндө мыйзамдарды бир түргө келтирүүнүн натыйжасында күчөтүлүшү мүмкүн".

Жол картасы Евразия экономикалык бирлигинде органикалык айыл чарба продукциясынын рыногун жөнгө салуунун тийиштүү тутумун түзүү боюнча иш-чараларды камтыйт. Аталган максатка жетүү үчүн ЕАЭБде продукциянын бул түрүнүн эркин жүгүртүлүшүн камсыз кылууга багытталган эл аралык келишимдин долбоору иштелип чыкмакчы.

Ошондой эле, жол картасынын долбоору Комиссиянын эл аралык профилдик уюмдар – Органикалык айыл чарба үчүн кыймылдардын эл аралык федерациясы (IFOAM) жана Органикалык айыл чарба илимий-изилдөө институту (FIBL) менен кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды камтыйт. Биздин өндүрүүчүлөрдүн үчүнчү өлкөлөрдүн перспективдүү рынокторуна чыгуусу жана экпорттук жеткирүүлөрдү көбөйтүү менен Бирликтин экспорттук потенциалын ишке ашыруу – башталган иштин приоритеттеринин бири.

Маалымат

Агрардык тармактын органикалык сегменти туура тамактанууга жана айыл чарбанын туруктуу өнүгүүсүнө болгон глобалдык трендге жооп берет жана накта мааниде да, нарктык мааниде да керектөө көлөмдөрүнүн жана дүйнөлүк сооданын оң динамикасы менен бирге өндүрүштүн туруктуу өсүшү менен өзгөчөлөнөт.

Учурда органикалык айыл чарба дүйнөлүк айыл чарба жерлеринин 1,5% чамасындай бөлүгүн түзөт, 2019-жылы анын аянты 1,1 млн гектарга көбөйүп, 72,3 гектарды түздү. 187 өлкөдө мындай продукцияны 3 млн чамасындай өндүрүүчү өндүрөт.