Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин
тескемеси менен Евразия экономикалык бирлигинин алкагында банк жана
камсыздандыруу кызмат көрсөтүү секторлорунда стандартташтырылган лицензия
жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды жана ага кол коюу үчүн зарыл болгон
мамлекеттик ички жол-жоболорду өткөрүү үчүн мүчө мамлекеттерге жөнөтүлдү.
Макулдашуунун долбоору башкы банктын (камсыздандыруу уюмунун) келип чыккан мамлекетинде берилген банк жана камсыздандыруу секторлорундагы стандартташтырылган лицензияны өз ара таанууну камсыз кылууга багытталган. Мындай таануу кабыл алуучу мамлекеттин аймагында туунду банкты же камсыздандыруу уюмун жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобо боюнча уюштурууга же сатып алууга мүмкүндүк берет.
Макулдашуунун долбоору ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун калыптандыруу концепциясына жана каржы рыногу чөйрөсүндөгү ЕАЭБ мамлекеттеринин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралардын планына ылайык иштелип чыккан.
Ушул тапка карата Макулдашуунун долбоору Бирликтин бардык мүчө мамлекеттеринде мамлекеттик ички макулдашуу жол-жобосунан өттү.
"Макулдашуунун долбоорунун жактырылышы – ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун калыптандыруу жолундагы маанилүү кадам. "Стандартташтырылган лицензияны өз ара таануу банктарга жана камсыздандыруу уюмдарына Бирлик мамлекеттеринин рынокторуна жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобо боюнча чыгууга мүмкүндүк берет, бул административдик тоскоолдуктарды азайтат жана биздин бардык өлкөлөрүбүздө каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", – деп билдирди ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов.