ЕЭК Кеңеши 2026-жылдын аягына чейин жеңил өнөр жай товарларынын айрым түрлөрүнө алып келүү бажы алымынын ченин жогорулатууну жактырды
02.06.2025

ЕЭК Кеңеши 2026-жылдын аягына чейин жеңил өнөр жай товарларынын айрым түрлөрүнө алып келүү бажы алымынын ченин жогорулатууну жактырды

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши "пахта жиптеринен басылгандан башка төшөнчү шейшептерине" карата алып келүү бажы алымынын ченин 12%га чейин (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 6302 21 000 0), бирок 1 кг үчүн 0,44 евродон кем эмес 2026-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алды.

"Кабыл алынган бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы төшөнчү шейшептерин өндүрүү үчүн жип бизге негизинен үчүнчү өлкөлөрдөн келе тургандыгын эске алуу менен атамекендик ишканаларды кошумча колдоого мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.

Ошол эле учурда ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрү өз мүнөздөмөлөрү боюнча импорттук төшөнчү шейшептеринен кем калбаган продукцияларды чыгарышарын жана кеңири ассортиментти сунуштаарын баса белгиледи.

Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн баштап 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.