ЕЭК Кеңеши кызылча сабагын кыркуучу жана кызылча жыйноочу машиналарды алып кирүүгө тарифтик жеңилдик берди
07.08.2026

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Беларусь Республикасы үчүн 15 даанадан ашпаган жана Россия Федерациясы үчүн 155 даанадан ашпаган санда кызылчанын сабагын кесүүчү жана кызылча жыйноочу машиналарга (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 8433 53 300 0) карата ташып келүүдөгү бажы алымынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти берүү чечимин кабыл алды.

"Бул чара Евразия экономикалык бирлигинин айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүн колдоого багытталган жана эскирүү даражасы жогору болгон техниканы этап-этабы менен алмаштыруу үчүн уюмдардын жаңы машиналарды сатып алууга кеткен чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.
Ал мындан 5-10 жыл мурун чыгарылган машиналардын эксплуатациялык чыгымдары жаңыларына караганда 1,5-2 эсе жогору экендигин тактады. Ошентип, кант кызылчасын жаңы техника менен жыйноо даяр продукцияны өндүрүүгө кеткен чыгымдарды кыйла төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.