20-майда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши спортчулардын тамактануусу үчүн азык-түлүк продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун бирдиктүү эрежелерин белгилеген чечимди кабыл алды.
Документке ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү өз аймагында продукцияны маркалоону киргизүү датасын жана тартибин өз алдынча аныкташат, мында бул тууралуу ЕЭКке тиешелүү иш-чаралар башталганга чейин алты айдан кечиктирбестен билдирүүлөрү тийиш.
Маркалоо ЕАЭБде идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо тутумунун базалык технологиялык уюштуруу моделинин жоболорун сактоо менен бирдейлештирилген эрежелер боюнча жүргүзүлөт, ал 2019-жылы ЕЭК Кеңешинин Чечими менен бекитилген. Ошентип, коддорду өз ара таануу камсыз кылынат, бул Бирликте товарларды жүгүртүү учурунда аларды кайра маркалоо зарылдыгын жокко чыгарат.