Жаңылыктар

03.02.2023 (Обновлено: 10.02.2023 16:51)

ЕЭК Кеңеши эт продукциясын өндүрүү үчүн уй этине тарифтик жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2023-жылы эт продукциясын өндүрүү үчүн алып келинген уй эти боюнча тарифтик жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Жеңилдиктер Армения Республикасына 10 миң тоннага чейин, Беларусь Республикасына - 7,5 миң тоннага чейин, Казакстан Республикасына - 5 миң тоннага чейин, Кыргыз Республикасына - 2,5 миң тоннага чейин, ошондой эле Россия Федерациясына - 100 миң тоннага чейин көлөмдөгү жеткирүүлөргө тиешелүү.
Үчүнчү өлкөлөрдөн эт импортунун негизги көлөмү тоңдурулган продукцияга туура келет, ал эт консерваларын эт жана колбаса азыктарын өндүрүүгө арналган. Азыр жактырылган чара биринчи кезекте эт продукциясын өндүрүүчүлөрдү жеткиликтүү чийки зат менен камсыздоого жана ага карата керектөө бааларын турукташтырууга багытталган, деп белгилешти ЕЭКтин соода блогунда.
Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2023-жылдын 1-январынан тарта келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.

 ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү