Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн сунуштарынын топтомун карап чыкты жана чайга, кофеге, какаого, лак-боёк продукциясына, балдардын оюнчуктарына жана курулуш материалдарына карата маркалоонун бирдейлештирилген эрежелерин белгилеген бир катар чечимдерди кабыл алды.
Кол коюлган документтерге ылайык, мүчө мамлекеттер өз аймагында идентификациялоо каражаттары менен продукцияны маркалоо датасын жана тартибин өз алдынча аныкташат, бул тууралуу ЕЭКке тиешелүү иш-чаралар башталганга чейин алты айдан кечиктирбестен билдиришет.
"Маркалануучу товардык категориялардын санынын кеңейиши Бирликтин жалпы маркалоо тутумунун өнүгүшү жөнүндө күбөлөндүрөт, ал керектөөчүлөргө продукциянын аныктыгын текшерүүгө, ошондой эле мыйзамсыз жүгүртүүнү азайтуу аркылуу рыноктун ак ниет катышуучуларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет", — деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Ал баса белгилегендей, товарлардын жаңы топторун маркалоо ЕАЭБде идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо тутумунун базалык технологиялык уюштуруу моделинин жоболорун сактоо менен бирдейлештирилген эрежелер боюнча жүргүзүлөт, ал 2019-жылы ЕЭК Кеңешинин Чечими менен бекитилген. Ошентип, коддорду өз ара таануу камсыз кылынат, бул Бирликте товарларды жүгүртүү учурунда аларды кайра маркалоо зарылдыгын жокко чыгарат.