ЕЭК Кеңеши "Атайын машина куруу" тармагындагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларына жеткиликтүүлүктү кеңейтти

9-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик сатып алууларына жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн Товарлардын айрым түрлөрүнүн келип чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Өзгөртүүлөр менен Эрежелердин "Атайын машина куруу" бөлүмү жаңы 92 товардык аталыш менен толукталды, ал эми 20 товардык аталыш үчүн өндүрүш шарттарында технологиялык операцияларды аткаргандыгы үчүн баллдар белгиленди.

Аталган өзгөртүүлөр товарлардын Өнөр жай товарларынын евразиялык реестрине кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат, ЕАЭБ аймагында өндүрүштүк операцияларды локализациялоону тереңдетүүгө өбөлгө түзөт жана мүчө мамлекеттердин мамлекеттик сатып алуулар рынокторунда атайын машина куруу продукциясынын товар жүгүртүүсүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Өзгөртүүлөр Комиссиянын Кеңешинин Чечими расмий түрдө жарыялангандан күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Евразия өнөр жай товарларынын реестри башка мүчө мамлекеттерден жана (же) үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарларга карата преференциялар, чектөөлөр жана тыюу салуулар белгиленген ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик сатып алууларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

Реестрге кирүү үчүн ЕЭКтин сайтында көрсөтүлгөн алгоритмди жетекчиликке алуу сунушталат.