ЕЭК Кеңеши макроэкономикалык саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды бекитти

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 18-октябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын 2024-2025-жылдарга негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тизмесин кабыл алды. Ал буга чейин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан бекитилген.

Бекитилген негизги багыттар менен ЕАЭБдин ИДӨсүнүн дүйнөлүк экономиканын өнүгүү арымынан ашкан ар жылдык өсүүсүнүн траекториясына чыгуу милдети коюлган. Коюлган милдеттерди чечүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясы төрт багытка топтоштурулган иш-чаралардын тизмесин иштеп чыкты.

Биринчи багыт – бул инвестициялардын көлөмдөрүн өстүрүү үчүн жагымдуу макроэкономикалык шарттарды түзүү. Экинчиси — ЕАЭБдин илимий-технологиялык потенциалын өнүктүрүү. Үчүнчү багытка мүчө мамлекеттердин өндүрүштүк базасын чыңдоо жана реалдуу сектордо кооперацияны өнүктүрүү кирет. Иш-чаралардын төртүнчү тобу Бирликтин ички рыногун өнүктүрүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Тизмеге мүчө мамлекеттер тарабынан жүзөгө ашыруу үчүн сунушталган иш-чаралар, Комиссиянын бекитилген документтин жоболорун аткаруу боюнча иш-аракеттери, ошондой эле аларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжалар кирет.