ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин химиялык заттардын жана аралашмалардын реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин жана жаңы химиялык заттарды нотификациялоону жүргүзүү тартибин бекитти
01.08.2025
2025-жылдын 1-августунда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда Бирликтин "Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ЕАЭБ ТР 041/2017) карата "экинчи деңгээлдеги" эки документ кабыл алынды – бул Бирликтин химиялык заттарынын жана аралашмаларынын реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жана ЕЭК ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен биргеликте иштеп чыккан жаңы химиялык заттарды нотификациялоону жүргүзүү тартиби.

ЕЭК Кеңешинин тартиптерди бекитүү тууралуу чечимин кабыл алуунун максаты — ЕАЭБдин "Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 041/2017) техникалык регламентинин жоболорунун аткарылышын камсыз кылуу. Алардын негизи болуп ЕАЭБ аймагында жүгүртүлүүчү химиялык продукциянын бирдиктүү реестрин түзүү жол-жоболорун унификациялоо, ошондой эле жаңы химиялык заттарды нотификациялоо саналат. Бул рыноктун катышуучулары химиялык продукция жөнүндө тиешелүү маалыматтарды ала алышы үчүн зарыл. Мындан тышкары, мындай мамиле регламенттин талаптарына шайкештигин баалоо үчүн документтерди, мисалы, химиялык продукциянын коопсуздук паспортторун даярдоо процессин кошкондо, финансылык жана убакыттык чыгымдарды азайтууга жардам берет.

Өз кезегинде тартиптерди бекитүү ЕАЭБдин "Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 041/2017) техникалык регламентинин өзүнүн күчүнө кирүү шарттарынын бири болуп саналат.

Бирдиктүү реестрди түзүүнү жана жүргүзүүнү ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумунун жардамы менен ишке ашыруу пландаштырылууда, бул өз кезегинде ЕАЭБ алкагында тиешелүү жалпы процессти ишке ашырууну талап кылат.