Башкы
/
Жаңылыктар
/
ЕЭК Кеңеши Бирликтин "Темир жол кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине өзгөртүүлөрдү киргизди
ЕЭК Кеңеши Бирликтин "Темир жол кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине өзгөртүүлөрдү киргизди
25.11.2022
Бирликтин "Темир жол кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине киргизилген өзгөртүүлөр менен, бул курамдык бөлүктөр тиешелүү жол-жоболордон өткөн шартта, анын курамдык бөлүктөрү техрегламенттин талаптарына шайкештиги тастыкталууга тийиш болгон продукцияга шайкештик сертификатын берүү мүмкүнчүлүгү такталды.
Ошол эле учурда 2023-жылдын 31-декабрына чейин кийинки контролдонуучу пайдалануудан баштап жолдо жүрүү аралыгынын толук көлөмүнө жеткенге чейин, шарттуу аралыктын кеминде жарамына чейинки көлөмдө стенддик сыноолорду өткөрүүнүн негизинде аларда шайкештик сертификаттары болгон учурда, локомотивдердин букстары жана моторвагондук кыймылдуу курам үчүн айлануунун роликтик (кассеттик түрдөгү) подшипниктерин жүгүртүүгө чыгарууга жол берилет.

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңеши Комиссиянын Коллегиясынын ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планын аткаруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө баяндамасын карап чыкты.
Иштеп чыгуу планын андан ары жүзөгө ашыруу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишин жигердештирүү үчүн ЕЭК Кеңешинин тескемеси менен планды иштеп чыгуу боюнча чаралар аныкталган.