29-майда Астанада V Евразиялык экономикалык форумунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аккредитациялоо боюнча органдарынын Жетекчилер кеңешинин 31-отуруму болуп өттү.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аккредитациялоо боюнча органдарынын өз ара салыштырма баалоолорун жүргүзүү маселелери каралды. Кеңештин мүчөлөрү Армениянын аккредитациялоо боюнча органынын өз ара салыштырма баалоосу боюнча жыйынтыктоочу кадамдарды аныкташты, аны аяктоо ушул жылдын жайында пландаштырылууда. Беларустун аккредитациялоо боюнча органынын өз ара салыштырма баалоосун өткөрүүгө даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду: баалоо боюнча топтун курамы жана анын жетекчиси макулдашылды, бул тийиштүү ишти үстүбүздөгү жылдын аягында баштоого мүмкүндүк берет.
Калыптанган тажрыйбаны эске алуу менен, Бирликтин мамлекеттеринин аккредитациялоо боюнча органдары тарабынан өз ара салыштырма баалоолорду жүргүзүүнүн 2022-жылы евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан бекитилген тартибине өзгөртүүлөр даярдалды жана макулдашылды.
Интеграциялык бирикменин өлкөлөрүндө өткөрүлүүчү лабораториялар аралык салыштырма сыноолорго аккредитациялоо боюнча улуттук органдардын катышуу маселелери талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин аккредитациялоо боюнча органдарынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүү алгоритмин өркүндөтүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аккредитациялоо боюнча органдарынын Жетекчилер кеңеши Бирлик жөнүндө келишимди ишке ашыруунун алкагында техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө аккредитациялоону өнүктүрүү үчүн ЕАЭБдин көмөкчү органы катары 2018-жылы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Чечими менен түзүлгөн.
2026-жылы Жетекчилер кеңешине төрагалык кылууну Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин "Улуттук аккредитациялоо борбору" чарбалык жүргүзүү укугундагы Республикалык мамлекеттик ишканасынын өкүлчүлүгүндө Казакстан ишке ашырат.