29-майда Астанада V Евразиялык экономикалык форумунун ишкердик программасынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Александр Субботин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин мамлекеттик (улуттук) стандартташтыруу боюнча органдарынын жетекчилер кеңешинин отурумуна катышты.
Талкуунун негизги темасы ЕАЭБде стандартташтыруу чөйрөсүн өнүктүрүүнүн системалык маселелери жана Бирликтин техникалык регламенттерин заманбап мамлекеттер аралык стандарттардын толук кандуу далилдөөчү базасы менен камсыз кылуу болду.
Болуп өткөн пикир алмашуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууда стандарттарды колдонуунун ар кандай көйгөйлөрүн чечүүгө, ошондой эле аларды камсыз кылуу үчүн мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууга макулдашылган мамилелерди иштеп чыгууга жардам берет.
Иш-чарага Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын жана институттарынын өкүлдөрү катышты.
ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын Жетекчилер кеңеши техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө стандартташтырууну өнүктүрүү үчүн Бирликтин көмөкчү органы катары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен түзүлгөн.