Жаңылыктар

29.03.2024

ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунда электрондук идентификациялоо ыкмасын катышуучулар өздөрү тандашы керек

Комиссиянын мындай сунушу электрондук санариптик кол тамгаларды колдонуу менен электрондук документ жүгүртүүнү уюштурууну талкуулоонун негизин түздү. Маселе 27-мартта ЕЭКтин энергетика боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында Электр энергетикасы боюнча консультативдик комитеттин отурумунда каралды.

Тараптардын өкүлдөрү Бирликтин бардык беш катышуучу өлкөлөрүнө электр энергиясын сатууда ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунун катышуучуларына, каттоочу ("СТА" АК) менен өз ара аракеттенүүдө идентификациялоо ыкмасын тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүнү карап чыгышты.

Мындай мамиле субъектке электрондук кол тамганы колдонуу ("СТА" АК күбөлөндүрүүчү борбору берет) же эки варианттын тең артыкчылыктарынан жана кемчиликтеринен улам улуттук электрондук кол тамганы колдонуу чечимин кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Иш-чаранын катышуучулары бул маселеге тиешеси бар башка ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүн (маалыматтык коопсуздук жана санариптештирүү чөйрөлөрүндө) тартуу менен ишти улантууга макулдашышты.

"ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунда ар кайсы өлкөлөрдүн катышуучуларын электрондук идентификациялоонун маанилүү жана азыркыга чейин изилдене элек маселесин чечүү маалымат алмашуу эрежелерин кабыл алууга мүмкүндүк берет. Бул ЕАЭБдин жалпы электроэнергетикалык рыногун жөнгө салуучу төрт документтин акыркысы", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Мындан тышкары, иштелип чыккан тажрыйба евразиялык интеграциянын башка чөйрөлөрүндө ар кайсы мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосунда маалыматтык өз ара иштешүүнү камсыздоого өбөлгө түзөт.

Маалымат:

"Электр энергиясынын дүң рыногунун соода тутумунун администратору" акционердик коому (СТА) 2007-жылдын 13-декабрында катталган. ЕЭК Кеңешинин чечими боюнча, бул компания бир сутка мурда борборлоштурулган сооданын операторунун жана Бирликтин жалпы электрэнергетикалык рыногунда каттоочунун функцияларын аткарат.