Жаңылыктар

02.12.2022 (Обновлено: 13.12.2022 10:51)

ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде 2022-жылдын январь-сентябрь айларында орточо айлык акы жогорулады

Евразия экономикалык бирликтин бардык мамлекеттеринде 2022-жылдын январь-сентябрь айларында орточо бир айлык номиналдык эмгек акы 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өстү. Номиналдуу жана реалдуу (товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индексине корректировкаланган) орточо эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Кыргызстанда (салыштырмалуу 127,9% жана 112,7%) жана Казакстанда (124,1% жана 109,4%) катталган.
Орточо номиналдык айлык акынын өлчөмү Кыргызстанда 25 миң сомдон (297 АКШ доллары) Россияда 61,8 миң рублга (892 АКШ доллары) чейин өзгөрдү.

Толук статистикалык маалымат Статистика департаментинин баракчасында "Эмгек акы жөнүндө" бөлүмүндө келтирилген.