Жаңылыктар

29.03.2023 (Обновлено: 30.03.2023 18:45)

"Жашыл Евразия" биринчи эл аралык климаттык конкурсуна билдирмелерди берүү мөөнөтү 10-апрелге чейин узартылды

Бизнестин жогорку кызыкчылыгына жана документтерди даярдоого кошумча убакыт берүүгө кайрылууларга байланыштуу, Евразия экономикалык комиссиясы жана Стратегиялык демилгелер агенттиги "Жашыл Евразия" биринчи эл аралык климаттык конкурсуна билдирмелерди берүү мөөнөтүн 2023-жылдын 10-апрелине чейин (кошо алганда) узартуу жөнүндө жарыялашат.

Эске салсак, конкурска катышуу акысыз, билдирмелерди кабыл алуу 9-мартта башталган. Ар бир уюм ар кандай номинацияларда эң көп дегенде үч долбоорду сунуштай алат, алардын арасында:

· таза энергия жана энергонатыйжалуулук,

· таза өнөр жай,

· туруктуу айыл чарбасы,

· төмөн көмүртектүү транспорт,

· жашыл курулуш,

· жашыл каржылоо,

· калдыктарды натыйжалуу башкаруу,

· экологиялык маданият жана калкты экологиялык күн тартипке тартуу,

· экологиялык жана климаттык мониторинг,

· төмөн көмүртектүү өнүгүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясат.

Конкурска катышууга коммерциялык компанияларга, мамлекеттик мекемелерге, бийлик органдарына, коммерциялык эмес уюмдарга жана бирикмелерге, ошондой эле жеке жактарга уруксат берилет, алар төмөнкү шилтеме боюнча сайтта билдирүү толтурушу керек болот: https://greeneurasia.asi.ru/?utm_source=eaeunion&utm_medium=banner&utm_campaign=start.

Эксперттик топтун жана конкурстун президиумунун ишинин жыйынтыгы боюнча ар бир номинацияда жеңүүчү (1-орун) жана финалисттер (2 жана 3-орун) аныкталат, алар ушул жылдын 24-25-майында Москвада өтө турган Евразия экономикалык форумунун талааларында сыйлык тапшыруу аземине чакырылат.