Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы
28-апрелде Сүт багытындагы бодо малдын асыл тукумдук баалуулугун баалоо
методикасына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Чечим менен өндүрүмдүүлүгү сүт багытындагы бодо малдын милдеттүү селекциялануучу белгилеринин (экстерьердин 18 белгиси) тизмеси актуалдаштырылды. Ага алты кошумча белги киргизилген. Аларды өлчөөнүн тартиби кабыл алынды. Жаныбарларды эсепке алуу боюнча эл аралык комитеттин жана Дүйнөлүк Голштин-Фриз Федерациясынын сунуштамаларын эске алуу менен, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө өздөрүнүн селекциялык-асыл тукум иштерин өнүктүрүүгө басым жасоо менен бир комплексте асыл тукум баалуулугун баалоо процесси деталдаштырылды.
"Өзгөртүүлөр асыл тукум малдарды баалоонун объективдүүлүгүн жана алардын асыл тукумдук баалуулугун болжолдоонун тактыгын жогорулатат. Толуктоо мүчө мамлекеттерге улуттук муктаждыктарга жана өзгөчөлүктөргө таянуу менен, улуттук селекциялык программаларда аларды эсепке алуунун артыкчылыктуулугун аныктоого мүмкүндүк берет. Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу генетикалык потенциалдын өсүшүнө, өздөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүү асыл тукум продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн арттырууга, Бирлик өлкөлөрүндө асыл тукум ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт", – деп белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян.
Бодо малдын жана чочколордун асыл тукум баалуулугун баалоо методикасы Комиссиянын Коллегиясынын 2020-жылдын 24-ноябрындагы № 149 Чечими менен бекитилген. Өзгөртүүлөрдү киргизүү Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлиги тарабынан демилгеленген.