Башкы
/
Жаңылыктар
/
ЕАЭБ өлкөлөрү ички суу транспорту чөйрөсүндөгү квалификациялык талаптар жөнүндө макулдашышты
ЕАЭБ өлкөлөрү ички суу транспорту чөйрөсүндөгү квалификациялык талаптар жөнүндө макулдашышты
09.06.2026
9-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда "Ички суу транспорту чөйрөсүндөгү эң көп талап кылынган кесиптерге жана кызмат орундарына карата квалификациялык талаптар жөнүндө" сунуштама кабыл алынды.
Кабыл алынган сунуштама квалификациялардын ар кандай деңгээлин жана аткарылуучу жумуштардын ар кандай түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ички суу транспорту чөйрөсүндөгү кызматкерлердин кесиптик билимдерине жана көндүмдөрүнө карата жалпы жана атайын талаптарга ыкмаларды белгиледи.
"ЕАЭБ мүчө мамлекеттери улуттук саясатты калыптандырууда көрсөтүлгөн сунуштамаларды эске алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. "Мындай сунуштамаларды ишке ашыруу маселелери ар бир тараптын компетенциясына кирет жана ички мыйзамдарды, артыкчылыктарды жана улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат", – деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.
Сунуштаманы ишке ашыруу ЕАЭБ мейкиндигинде суу транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун калыптандырууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.