Жумушчу топтун мүчөлөрү ЕАЭБге тамекини мыйзамсыз ташып кирүүгө жол бербөөгө багытталган бажы контролунун ыкмалары жөнүндө кеңири маалымат алышты, ошондой эле мыйзамсыз тамеки продукцияларын жайылтууга каршы эл аралык тажрыйба менен таанышышты.
Жумушчу топтун катышуучулары Евразия экономикалык комиссиясынын тамекинин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн көлөмүн азайткан навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларды көзөмөлдөө тутумун киргизүү боюнча ишин жогору баалашты жана сунушталган дүйнөлүк натыйжалуу тажрыйбаларга жана тамеки контрабандасына каршы күрөшүү технологияларына кызыгуусун билдиришти.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча топтун ишмердүүлүгүнүн мындан аркы багыттары, анын ичинде ЕАЭБ рыногунда тамеки продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө аларды практикалык колдонуу үчүн материалдарды даярдоо боюнча чечимдер кабыл алынды.