ЕАЭБ өлкөлөрү 2025-жылга карата керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун негизги багыттарын аныкташты

Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкийдин төрагалыгы астында өткөн Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо маселелери боюнча Консультативдик комитеттин отурумунда Бирлик өлкөлөрүнүн 2025-жылга карата биргелешкен ишинин келечектүү багыттары талкууланды.

Отурумдун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жакынкы келечекке биргелешкен аракеттеринин жаңы тармактык программасын иштеп чыгууга старт беришти. Программанын башкы артыкчылыктарынын катарында - санариптештирүү, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө инновацияларды жана интеллектуалдык сервистерди киргизүү шарттарында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун мамлекеттик жана коомдук институттарына калктын ишенимин бекемдөө бар.

Консультативдик комитеттин отурумунун жүрүшүндө анын катышуучулары Комиссиянын Коллегиясынын "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарына серептерди өткөрүүгө карата жалпы мамилелер жөнүндө" сунуштамасынын долбоорунун текстин макулдашышты. Бул документ ЕЭК Коллегиясынын кароосуна жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, ЕЭК тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында, анын ичинде электрондук соодада чек ара аралык талаш-тартыштарды чечүү маселелери боюнча жүргүзүлгөн талдамалык изилдөөнүн жыйынтыктары каралды.

"Электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү бардык тараптардын кызыкчылыктарынын теңдемине негизделиши керек. Албетте, биринчи кезекте биз керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө айтабыз. Бирок керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатында бизнестин дагы, коомдук уюмдардын дагы пикирлери эске алынышы керек. Бул Бирликтин алкагында натыйжалуу укуктук базаны түзүүгө мүмкүндүк берет, анда сатуучунун да, сатып алуучунун да кызыкчылыктары эске алынат", – деп баса белгиледи Валентин Татарицкий бул маселени талкуулоодо.

ЕЭК министри ошондой эле Бирликтин бүткүл мейкиндигинде натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн мүчө мамлекеттердин дүйнөлүк тажрыйбасын жана мыкты улуттук тажрыйбаларын колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Консультативдик комитеттин отурумуна КМШ Аткаруу комитетинин жана Өзбекстан Республикасынын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитетинин өкүлдөрү катышышты.

Валентин Татарицкий мындай биргелешкен иш-чаралар тармактык диалогду кеңири өлчөмдө өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн потенциалын бириктирет деген ишенимин билдирди.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча консультативдик комитет ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирдиктүү керектөө рыногунда пайда болгон актуалдуу көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо үчүн мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана бизнес-коомдоштуктардын өкүлдөрүн бириктирген аянтча болуп саналат.

Өзбекстан Республикасынын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча комитетинин өкүлдөрүнүн Консультативдик комитеттин отурумуна катышуусу, Комиссиянын 2024-жылдын ноябрында Самаркандда өткөн ШКУ өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюмдардын консультативдик жолугушуусуна катышуусунун жүрүшүндө жетишилген, Комиссиянын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн биргелешкен иш-чаралар планын аткаруу боюнча макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу болду.