ЕАЭБ өлкөлөрү "Түндүк-Түштүк" жана "Чыгыш-Батыш" коридорлорун эске алуу менен евразиялык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү пландаштырууда
30-сентябрда Минскте өткөн Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аймактарында "Чыгыш — Батыш" жана "Түндүк — Түштүк" багыттарында, анын ичинде "Бир алкак — бир жол" кытай демилгеси менен айкалышуунун алкагында транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү жөнүндө 2024-жылга баяндаманы жактырышты.

Бул аткарылган ишти баалоого жана кызматташтыкты тереңдетүү үчүн кийинки кадамдарды белгилөөгө мүмкүндүк берген жылдык сереп.

Баяндамадан көрүнүп тургандай, "бешилтик" өлкөлөрү улуттук транспорттук инфраструктураны жана негизги евразиялык каттамдарды өнүктүрүүнү камсыздашат. Бул бирдиктүү транспорттук мейкиндикти түзүү боюнча стратегиялык максатка толугу менен шайкеш келет жана туруктуу логистикалык тутумду түзүүгө өбөлгө түзөт, бул БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келет.

Ошол эле учурда ЕАЭБде транспорттук инфраструктуранын негизин евразиялык транспорттук коридорлор түзөт, аларды түзүү жана өнүктүрүү ЕАЭБ жөнүндө келишимде каралган. Эксперттик баамдоо боюнча, евразиялык транспорттук коридорлордун үлүшүнө ЕАЭБдеги транзиттик ташуулардын көлөмүнүн 70%га жакыны туура келет, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүнү координациялоонун маанилүүлүгүн көрсөтүп турат.

"Заманбап шарттарда транзиттик потенциалды ачуу, экспорттук каттамдарды диверсификациялоо жана салттуу жана жаңы коридорлор боюнча үзгүлтүксүз, экономикалык жактан натыйжалуу ташууларды камсыз кылуу үчүн эл аралык кооперация жана ресурстарды бириктирүү өзгөчө маанилүү", — деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.

2024-жылы темир жол транспорту менен 11,9 млн тонна жүк ташылган "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридорун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Эксперттик баамдоо боюнча, инфраструктураны модернизациялоо жана темир жол жана комбинацияланган ташууларды өнүктүрүү коридордун чыгыш каттамынын гана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 2027-жылга карата 15 млн тоннага чейин жана 2030-жылга карата 20 млн тоннага чейин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Иранга ЕАЭБге караштуу байкоочу статусун берүүнү жана ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда Эркин соодалашуу жөнүндө макулдашууга кол коюуну эске алуу менен, "Түндүк — Түштүк" ЭТКны өнүктүрүү боюнча кызматташтык ЕАЭБ — Иран форматында кароо үчүн да келечектүү болуп саналат. Анын аймагы жана Перс булуңундагы порттор Индияга "Түндүк — Түштүк" каттамынын чыгышы үчүн маанилүү звено болуп саналат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коридорду өнүктүрүү боюнча иштерин активдештирүү пландаштырылууда.

Комиссия ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы Эркин соодалашуу жөнүндө макулдашуунун алкагында транспорт жана транзит чөйрөсүндө кызматташуу боюнча комитетченин ишин уюштуруу боюнча иш алып барат.

Бириккен Араб Эмираттары, Монголия, Кытай Эл Республикасы менен транспорт боюнча тармактык кызматташтыкты өнүктүрүү, Комиссия менен КМШнын КТК Аткаруу комитетинин ортосунда 2030-жылга чейин транспорт, инфраструктура, логистика жана эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жаатында кызматташуу планын ишке ашыруу, евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн Комплекстүү планын аткарууну камсыздоо боюнча иштер улантылууда.

Жыйынтыгында Комиссиянын жана Бирлик өлкөлөрүнүн бардык иш-аракеттери ЕАЭБдин транзиттик потенциалынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.