Евразия экономикалык бирлигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуунун жакынкы убакытта ратификацияланышына, ошондой эле Бирликтин өлкөлөрүнүн жана ЕЭКтин макулдашууну ишке ашыруу боюнча андан аркы ишин уюштурууга өбөлгө түзгөн чаралар кабыл алынмакчы.
Бул үстүбүздөгү жылда эле макулдашууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чаралардын аткарылышына мүмкүндүк берет. Мүчө мамлекеттердин макулдашууда каралган товарларды көзөмөлдөө механизминин жакынкы убакытта ишке киргизилишине кызыгуусун эске алуу менен, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары мындай тапшырманы Өкмөттөр аралык кеңештин 24-25-февралда Нур-Султанда болуп өткөн отурумунда беришти.
Бул тапшырманын алкагында өлкөлөр ташууларды көзөмөлдөөнүн улуттук операторлору болуучу уюмдарды улуттук мыйзамдардын деңгээлинде аныкташмакчы. Комиссия Бирликтин мамлекеттери менен биргеликте ташууларды көзөмөлдөө механизминин иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон Комиссиянын 28 актысын иштеп чыгууга тийиш.
Маалымат
Навигациялык пломбалар жөнүндө макулдашуу бажы транзитинин алкагында ташылган товарларды жана өз ара соодадагы бир катар товарларды (санкциялык товар, алкоголь, тамеки) электрондук навигациялык пломбалардын жардамында көзөмөлдөөнү караштырат.
Навигациялык пломбалар жөңүндө макулдашууну колдонуу Бирликтин ички чек араларында контролдук иш-чараларды азайтууга жана мүчө мамлекеттердин транзиттик жагымдуулугун жогорулатууга, Бирликтин аймагында товарлардын көзөмөлдөнүшүн жана алардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.