Жаңылыктар

05.06.2023 (Обновлено: 06.06.2023 17:35)

ЕАЭБ өлкөлөрү 2022-жылы макроэкономикалык туруктуулукту сактап калышты

2022-жылы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн тенденцияларын жана перспективаларын жана макроэкономикалык саясат жаатындагы чараларды Евразия экономикалык комиссиясынын макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитетинин мүчөлөрү талкуулашты. Отурум 2-июнда Москвада болуп өттү.

 

2022-жылы ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгарууда ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев белгилеп өткөндөй, татаал тышкы шарттарга карабастан, мүчө мамлекеттер финансылык туруктуулукту камсыз кылууга, тышкы жана өз ара соодада оң динамиканы сактап калууга жетишишти.

"Пессимисттик божомолдор акталган жок – ЕАЭБде экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшү анчалык олуттуу болгон жок. Өнөр жай продукциясын чыгаруунун көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен экономикалык өсүш үчүн олуттуу потенциал сакталууда. Бул бир катар чет өлкөлүк жеткирүүчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн кетишине байланыштуу ички рыноктун бөлүгүнүн бошогондугуна, ошондой эле өндүрүштүк кубаттуулуктарды жүктөөнү жогорулатууга жана импортту алмаштыруу боюнча учурдагы мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу. Мында кайра каржылоонун атайын инструменттерин кеңири колдонуу зарыл", — деп баса белгиледи Сергей Глазьев.


Комиссия 2022-жылдын жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн мониторингинин жыйынтыктарын сунуштады.

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө инфляциянын тездеши байкалгандыгы белгиленди. Анын эсептик мааниси 2021-жылы 12,7%дан 2022-жылы 13,3%га чейин өскөн. Инфляциянын эң аз мааниси Арменияда (8,3%) катталган, жыл ичинде Кыргызстанда керектөө баалары кыйла туруктуу сакталган.

"2022-жылдын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгынын сандык маанисинен ашкан эмес. ЕАЭБдин көпчүлүк мамлекеттеринде бюджеттик баланстардын жакшыруусу байкалган, ал эми мамлекеттик башкаруу секторунун карызы Арменияда жана Кыргызстанда олуттуу төмөндөгөн", – деп билдирди ЕЭКтин макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүүдө кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Михаил Сильвестров.
ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө бюджеттик туруктуулукту колдоого бюджеттин кирешелеринин активдүү өсүшү өбөлгө түзгөн. Бирликтин көпчүлүк өлкөлөрүндө бюджеттин чыгашалары интенсивдүү өскөн, бул көбүнчө тышкы шоктордун таасири жана инфляциянын өсүшү шарттарында экономиканы колдоо менен байланышкан.

Маалымат

Комиссия мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун жана алардын ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 63-беренесинде белгиленген сандык маанилерге шайкештигин аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүзүү аркылуу мүчө мамлекеттердин макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүүсүн координациялайт: инфляциянын деңгээли (керектөө бааларынын индекси) жылдык туюнтулушта (өткөн жылдын декабрына карата, пайыз менен) – бул көрсөткүч эң аз мааниге ээ болгон мүчө мамлекетте инфляциянын деңгээли 5 пайыздык пункттан ашпайт; мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган бюджетинин тартыштыгы — ИДӨнүн 3%нан көп эмес; мамлекеттик башкаруу секторунун карызы – ИДӨнүн 50%нан жогору эмес.

Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн сандык маанилеринен ашкандыгы аныкталганда, Комиссия мүчө мамлекет үчүн экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган сунуштарды жана биргелешкен чараларды иштеп чыгат.