Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунун иштөөсүнүн, мүчө мамлекеттердин ортосунда сооданы өбөлгөлөө маселелерин жана аймактык экономикалык бирикмелердин алкагында өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнүн перспективаларын Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян жана Борбордук Африка мамлекеттеринин жалпы рынок, экономикалык, валюталык жана финансылык мамилелер боюнча экономикалык коомдоштугунун (БАМЭК) комиссары Франсуа Кинимба 15-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында тараптардын делегацияларынын жолугушуусунда талкуулашты.
Гоар Барсегян жана Франсуа Кинимба бири-бирин интеграциялык күн тартиптердин актуалдуу абалы жөнүндө маалымдашып, алардын ички рынокторду жөнгө салуунун бир катар аспектилери боюнча дал келүүлөр бар экенин белгилешти. Тараптардын пикири боюнча, бул контекстте мыкты интеграциялык тажрыйбаларды алмашуу, кызматташуунун келечектүү чөйрөсү болуп саналат.
БАМЭК өкүлү ЕЭКтин бизнес менен өз ара аракеттенүү механизмдерине, Бирликте өнөр жай операциясын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуусун билдирди.
Африка делегациясынын тиешелүү өтүнүчүнө жооп катары Гоар Барсегян кыйла деталдуу пикир алмашуу үчүн адистештирилген семинар уюштурууга даярдыгын тастыктады. Аны ушул жылдын 26-29-июлунда Санкт-Петербургда "Россия-Африка" экономикалык жана гуманитардык форумунун аянтчасында өткөрүү сунушталды. Форумдун алкагында тараптар ЕАЭБдин Африканын субрегионалдык интеграциялык бирикмелери менен өз ара иштешүүсүнө өзгөчө көңүл бура алышат.
Өз кезегинде, Франсуа Кинимба БАМЭК менен ЕЭКтин ортосунда туруктуу диалогду түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди жана Комиссия менен кызматташтыкты формалдаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикирин айтты.
Жолугушууга ошондой эле Россиянын ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчиси, "Россия – Африка" өнөктөштүк форумунун катчылыгынын жетекчиси Олег Озеров катышты.
Маалымат
БАМЭК - 1983-жылы түзүлгөн Борбордук Африка өлкөлөрүнүн интеграциялык бирикмеси. Ага Ангола, Бурунди, Габон, Конго Демократиялык Республикасы, Камерун, Конго Республикасы, Руанда, Сан-Томе жана Принсипи, Борбордук Африка Республикасы, Чад, Экватордук Гвинея кирет.