Кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай кооперациясына жана экспортуна жардам берет

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуу өнөр жай кооперациясынын өнүгүшүн жана мүчө мамлекеттердин экспортун өбөлгөлөйт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Виталий Вовк ЕЭК аянтчасында бул тема боюнча өткөрүлгөн семинарда баса белгиледи.

Виталий Вовктун сөзү боюнча, бажы алымдарын жана салыктарды төлөөдөн убактылуу бошотуу менен чет элдик товарларды колдонууну караган мындай бажы жол-жобосу Бирликте өндүрүш процесстерин өркүндөтүүгө жана товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет. Негизинен алып караганда, ал евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн интеграциялык потенциалынын маанилүү элементтеринин бири болуп саналат.

"Комиссия Бирликтин мамлекет башчыларынын жогорку технологиялык продукцияны өндүрүүдө жана анын үчүнчү өлкөлөргө экспортун көбөйтүүдө өз компетенцияларын жана технологияларын өнүктүрүү боюнча демилгелерин ишке ашыруу үчүн биздин интеграциялык потенциалды толук пайдалануусу керек, — деп белгиледи Виталий Вовк. — Бул өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукциядан чыгуунун жаңы натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу үчүн зарыл".

Семинарда кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун практикалык колдонуу маселелерине, Бирлик мамлекеттеринин бажы органдары тарабынан аны ишке ашыруунун административдик аспектилерине, өндүрүүчүлөр жана экспортерлор үчүн артыкчылыктарга өзгөчө көңүл бурулду.

Аталган жол-жобо жигердүү колдонулган же колдонулушу мүмкүн болгон тармактардын арасында авиа жана кеме куруу, темир жол машиналарын куруу, автомобиль куруу, анын ичинде кыймылдаткычтарды өндүрүү, металлургия, фармацевтика, жыгач иштетүү, химия өнөр жайы, жеңил өнөр жай жана башка бир катар тармактар аталды.

Көрсөтүлгөн тармактарда кооперациялык жеткирүүлөрдүн динамикасын талдоо ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна жогорку технологиялык продукциянын экспортун кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал жөнүндө күбөлөндүрөт.

Семинар "Россия экспорттук борбору" компаниялар тобунун көмөгү менен уюштурулган. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, уюмдарынын, тармактык ассоциацияларынын, бизнесинин 130дан ашык өкүлдөрү катышышты.