ЕАЭБ алкагында техникалык жөнгө салуу санариптик болууда

Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Александр Субботин ЕЭК штаб-квартирасында "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорун координациялоо боюнча жумушчу топтун отурумун өткөрдү.


ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү жана Комиссиянын кызматкерлери долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн, анын ичинде анын айрым этаптарын аткаруу мөөнөттөрүн карап чыгышты.

"Долбоорго тартылгандардын бардыгын аны үстүбүздөгү жылы ишке киргизүүнү камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө чакырам", – деп Александр Субботин жыйындын катышуучуларына кайрылды.

Жумушчу топтун мүчөлөрү Астанадагы Евразия экономикалык форумунун алкагындагы тиешелүү сессияда өткөн бул тема боюнча талкууну жогору баалашты. ЕЭФте козголгон негизги маселелер жана аталган чөйрөдөгү иш багыттары жумушчу топтун отурумунда негизги темалар болду.

Санариптик техникалык жөнгө салуу боюнча долбоор продукциянын коопсуздук талаптарын иштеп чыгуу процессин санариптик чөйрөгө өткөрүүгө, ошондой эле колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө мындай талаптарга жана алардын аткарылышын баалоо жол-жоболоруна толук жана ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө багытталган.

Координациялык топ Комиссиянын Коллегиясынын 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 196 тескемесине ылайык, долбоорду иштеп чыгууга жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт, көйгөйлүү маселелерди жана келишпестиктерди карайт, долбоорду кабыл алуу-өткөрүү сыноолорун уюштурат, ошондой эле долбоордук ишмердүүлүктү координациялоого байланышкан башка функцияларды аткарат.