Алексей Ведев, атап айтканда, Бирликтин жалпы ИДӨсү 2015-жылдан 2024-жылга чейин 17,8%га, ал эми абсолюттук мааниде алганда — дээрлик 1 трлн долларга өскөнүн белгиледи. Дүйнөлүк экономикада ЕАЭБдин үлүшү 3,7%дан 4,1%га чейин жогорулаган. Мында мүчө мамлекеттердин экономикаларынын өсүш темпи акыркы бир нече жылда дүйнөлүк орточо маанилерден ашкан.
Кыргыз Республикасы туурасында айта турган болсок, анын ИДӨсү 56,4%га өскөн, негизги капиталга инвестициялар 47%га көбөйгөн, реалдуу эмгек акы бир жарым эседен ашык өстү, жумушсуздуктун деңгээли кыйла төмөндөгөн.
Бирлик өлкөлөрүндө товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара соодада, ошондой эле эмгек миграциясы чөйрөсүндө интеграциялык натыйжа байкалаарлык. ИДӨгө интеграциянын эң чоң салымы Арменияда жана Кыргызстанда белгиленген. Жалпысынан ЕАЭБ боюнча интеграциянын салымы ИДӨнүн 1,65% же 40 млрд долларга жакын деп бааланат.
ЕЭК Департаментинин башчысы 2014-жылы ЕАЭБ жөнүндө келишимге, андан кийин — Стратегия-2025 — экономиканын ар кандай тармактарында Комиссиянын мүчө мамлекеттер менен биргеликте ишин түзүү үчүн негизги документтерге кол коюунун маанилүүлүгүн белгилеп, Бирликтин алкагында 2045-жылга чейинки ишмердүүлүк "Евразия экономикалык жолу" декларациясынын негизинде түзүлөөрүн эскертти.
Декларацияда чагылдырылган интеграциялык чаралардын ичинен Алексей Ведев АПКга инновациялык мамилелерди киргизүүнү, энергетикалык натыйжалуулукту жана кайра жаралуучу энергетиканы жогорулатуу жаатындагы технологияларды өнүктүрүүнү, технологиялык өнүктүрүү чөйрөсүндө кооперациялык өз ара аракеттенүү үчүн жалпы мейкиндикти түзүүнү бөлүп көрсөттү.