Жаңылыктар

04.05.2022 (Обновлено: 16.05.2022 15:56)

Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасы Комиссиянын экономиканын жогорку технологиялык тармактарында импортту алмаштыруу боюнча ишинде катышмакчы

ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян жана Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Дмитрий Курочкин жумушчу жолугушуусунун жүрүшүндө жаңы экономикалык шарттарда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өнөр жай комплекстеринин ишинин туруктуулугун камсыз кылуу боюнча биринчи кезектеги чараларды талкуулашты.
Тараптар ЕАӨБдүн жана ЕСӨФтүн катышуусу менен өнөр жай кооперациясын жеңилдиктер менен каржылоо механизмдерин жакынкы убакытта киргизүү, улуттук продукциянын мамлекеттердин катышуусундагы Бирликтин аймагындагы ири инвестициялык долбоорлордун алкагындагы сатып алууларга приоритеттүү түрдө катышуусун камсыз кылуу, ошондой эле ЕАЭБдин машина куруу комплексин критикалык маанилүү импорттук түйүндөр жана себилдегичтер менен камсыз кылуу зарылчылыгын талкуулашты.
"Комиссия жана Бирликтин мамлекеттери бул багытта активдүү иштешүүдө. Өнөр жай кооперациясын каржылоо маселелери жана мүчө мамлекеттердин критикалык импорт товарларына муктаждыгын канааттандыруунун мүмкүн болгон варианттарин иштеп чыгуу Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын биринчи пакетине киргизилген, – деп белгиледи Артак Камалян. – Каржылоо маселелери май айында Комиссиянын Коллегиясынын отурумунда талкууланмакчы".
Тараптар өнөр жай кооперациясын каржылоо маселелерин май айында Бишкекте өткөрүлүүчү Евразия экономикалык форумунун аянтчасында өткөрүлүүчү "Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары: негизги тренддер, аларды ишке ашыруу куралдары, сыноолор жана тобокелдиктер" деп аталган панелдик дискуссиянын алкагында талкуулоо жөнүндө келишишти.

ЕАЭБдин машина куруу комплексин критикалык маанилүү импорттук түйүндөр жана себилдегичтер менен камсыз кылуу жөнүндө айтып жатып, ЕЭК министри бизнестин өкүлдөрүн ЕЭКтин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тапшырмасына ылайык, Экономиканын жогорку технологиялык тармактарында импортту алмаштыруу боюнча комиссияны түзүү демилгеленгендиги жөнүндө маалымдады. Артак Камаляндын айтуусу боюнча, мындай чечим ЖЕЭКтин жакынкы отурумунда кабыл алынууга тийиш. Комиссиянын күн тартибинин алгачкы маселелеринин бири критикалык импорт товарлары менен камсыз кылуу болмокчу. ЕЭКтин өнөр жай блогу аталган жумушчу органдын алгачкы отурумуна Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасын чакырууга даяр.

Ошондой эле, Артак Камалян Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын демилгелерин ЕАЭБдин Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин 4-июлда Екатеринбургда өткөрүлүүчү "Иннопром" 12-чи Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында өткөрүү пландаштырылган отурумунда талкуулоону сунуш кылды.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү