ЕАЭБ боюнча айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баалары 2024-жылдын январында 6,9%га жогорулады

Евразия экономикалык бирлиги боюнча айыл продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индекси 2024-жылдын январында 2023-жылдын январына салыштырмалуу 106,9%ды түзгөн.

2023-жылдын декабрына салыштырмалуу баалар 0,3%га төмөндөгөн, мында өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн баалары 1,7%га өскөн, мал чарба продукциялары — 1,3%га төмөндөгөн. 

Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын төмөндөшү Арменияда (0,7%га) жана Россияда (0,6%га) байкалган. Ошол эле учурда Кыргызстанда (1,6%га) жана Беларуста (1,4%га) баалардын өсүшү катталган, Казакстанда баалар бир аз (0,2%га) жогорулаган.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "ЕАЭБде айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.