Жаңылыктар

25.05.2023 (Обновлено: 31.05.2023 10:26)

Санариптештирүү жана биргелешкен инвестдолбоорлорду түзүү ЕАЭБ үчүн приоритет болуп калат

Евразия экономикалык бирлиги өзүнүн келечектүүлүгүн көрсөттү, бул тууралуу коронавирус пандемиясынан кийинки экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү айтып турат. Бирок кыйла натыйжалуулук үчүн ЕАЭБ өлкөлөрү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду санариптештирүүгө жана иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Мындай тыянактарга II Евразия экономикалык форумунун алкагында өткөн "ЕАЭБ 2030+ артыкчылыктары"сессиясынын жыйынтыктары боюнча мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү жана серепчилер келишти.

"Биз, Евразия экономикалык бирлиги, өзүбүздүн жашоого жөндөмдүүлүгүбүздү далилдедик, – деп баса белгиледи Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин төрагасы Алексей Оверчук. - Бизде жумушсуздуктун деңгээли төмөн, ресурстар менен өзүн-өзү камсыз кылуу, энергетикалык коопсуздук жакшы, инфляция төмөн, өзүбүздүн көз карандысыз төлөм системабыз бар. Биз жалпы тилде баарлашабыз, андыктан бул биздин эбегейсиз артыкчылыгыбыз. Бул жерде өзүнүн бардык потенциалын ишке ашыруу жана биздин Бирликти Евразиянын коопсуз макрорегионуна айландыруу үчүн ЕАЭБ позициясын коюуда. Россиянын төрагалыгынын артыкчылыктары буга багытталган".

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев да евразиялык интеграциянын өнүгүшүнө оң баа берди: "Жалпысынан биздин интеграция өзүнүн керектүүлүгүн көрсөттү. Бизде соода да, инвестиция да өсүп жатат. Өткөн жылы кезектеги рекорд коюлду – өз ара соода дээрлик 83,5 миллиард долларды түздү. Бул 2021-жылга карата 14% өскөнүн билдирет. Айыл чарбасы 30%дан ашык өстү. Бизде азык-түлүк, экономикалык коопсуздук кепилденген, Евразия мейкиндигибиз капитал жана бизнес үчүн ачык".

Мында сессиянын катышуучулары кырдаалга сергек карашат жана чечиле турган бир катар көйгөйлөрдү белгилешет. Мисалы, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович мындай деп баса белгиледи: "Ооба, бизде өткөн жылы өз ара сооданын көлөмү өскөн. Бирок структураны карасак, бул көбүнчө үчүнчү өлкөлөрдөн келген импорттун ордун басат. Ички жана тышкы рыноктордо атаандашуу максатында соода кылуу үчүн өзүбүздүн товарларыбыз жетишсиз. Келгиле, бул жөнүндө ачык айталы".


Россия Федерациясынын Юстиция министри Константин Чуйченко дагы бир көйгөйлүү теманы козгоду: "Биз эл аралык укуктук келишимдерибиздин предмети болууга тийиш болгон руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарыбызды коргоо форматтарын иштеп чыгышыбыз керек".

Армения Республикасынын Вице-премьери Мгер Григорян талкуулоону экономикалык нукка буруп, анын катышуучуларынын көңүлүн Бирликтин экономикасын санариптештирүүдө күч-аракеттердин жетишсиздигине бурду: "Санариптештирүү-өтө актуалдуу маселе. Ыңгайлуу болгону үчүн эле эмес, жөн гана кайсы бир учурда, мен ойлойм, эгерде биз жетиштүү, толук масштабда санариптештирбесек, биздин чечимдерибиз туура темпте жана талаптагыдай ишке ашпай калат. Бул дагы чоң көйгөй".

Премьер-министрдин орун басары – Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министри Серик Жумангарин кесиптешин колдоду: "Менин оюмча, сөзсүз түрдө приоритет – санариптик күн тартибин өнүктүрүү, ага технологиялык өнүгүү байланыштуу. Санариптик күн тартиби – бул, албетте, Бирликтин бөлүштүрүлгөн санариптик платформасы. Биз аны ишке ашырууну кайрадан кийинкиге жылдырдык. Албетте, мунун баары объективдүү себептерден улам болуп жатат, анткени ар бир өлкө кыйынчылыктарга кабылып жатат".

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн Бирлик өлкөлөрү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү зарыл экендигине ишенет.

"Бүгүнкү күндө мамлекеттердин колдоосу жок ишке ашпай турган тармактарга чоң салым кошуу керек, – деп баса белгиледи Михаил Мясникович. — Микроэлектроника, станок куруу, учак куруу жана башка көптөгөн багыттар, алар чындап эле ишканалардын өнүгүшү үчүн эң жеңилдетилген салык жана башка мотивация механизмдерин түзүшү керек. Бул максатта кооперациялык долбоорлорду колдоо үчүн 2024-жылы 1,7 млрд россиялык рубль багыттоо сунушталууда. Тараптар Россиянын Каржы министрлигинин сунушун колдойт деп ойлойм. Бирок долбоорлор керек. Ал эми чарбалык субъекттер бизнес бул биргелешкен долбоорлордун шарттары кандай экенин көрмөйүнчө, жылыш өтө жай болот. Мындай кырдаалда улуттук чечимдер кабыл алынышы керек".


"Биз беш мамлекетибиздин узак мөөнөттүү приоритеттерин талдап чыктык. Алар негизинен критикалык технологиялар жана артыкчылыктуу багыттар боюнча жана жаңы технологиялык тартиптин өсүшүнүн негизги багыттары менен дал келет деп айта алам. Бирок бул өсүштүн толкунуна чыгууга бизге бүгүн жогоруда айтылган милдеттерди: кооперацияны, биргелешкен долбоорлорду жана технологиялык эгемендүүлүктү каржылоо булактарынын жоктугу тоскоол болууда. Биз алдыңкы өлкөлөрдүн деңгээлине чыгуу үчүн инвестициялардын көлөмүн эки эсеге көбөйтүүбүз жана илимий-изилдөө жана тажрыйбалуу-контсруктивдүү иштерине чыгымдарды үч эсеге көбөйтүүбүз керек", — деп жыйынтыктады ЕЭКтин Интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев.