Бирлик өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексиндеги санариптик технологиялар анын натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги инструменти болуп калууда

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян 4-июлда Волгоградда өткөн Бүткүл россиялык талаа күнү-2025 "Өсүүгө милдеттер: россиялык өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу" пленардык отурумунда билдирди.

"Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн айыл чарбасы сапаттуу кайра түзүүлөрдүн босогосунда турат. Агрардык рынокту санариптик моделге трансформациялоо — айыл чарба өндүрүшүнүн тездетилген өсүшү үчүн инструменттердин бири. Дал ушул багытта ЕЭКтин жана улуттук өкмөттөрдүн күч-аракеттери топтолгон", — деп белгиледи Гоар Барсегян.

Отурумда өсүмдүк өстүрүүдөгү, анын ичинде заманбап санариптик чечимдердин – учкучсуз технологиялардын, санариптик мониторинг жана роботтоштуруунун эсебинен натыйжалуулукту жогорулатуу маселелери талкууланды.

Иш-чарага Россия Федерациясынын айыл чарба министри Оксана Лут жана Беларусь Республикасынын айыл чарба жана азык-түлүк министри Игорь Горлов катышышты.

Бизнес программанын алкагында Гоар Барсегян Оксана Лут менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери каралды. Тараптар ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларацияны АӨК чөйрөсүндө ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо менен интеграциялык процесстерди тереңдетүү жана тармактын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо зарылдыгын белгилешти.

Агроөнөр жай комплексиндеги кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизмин ишке киргизүү үчүн сунуштарды даярдоого күч-аракеттерди биргелешип топтоо жөнүндө макулдашууга жетишилди.

"АӨКтө биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө, технологиялык өркүндөтүүгө, мамлекеттер аралык соода-экономикалык байланыштарды жана өз ара инвестицияларды өстүрүүгө өбөлгө түзөт", – деп белгиледи ЕЭК министри.

Гоар Барсегян ЕАЭБ алкагында айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү, жалпы агрардык рынокту жөнгө салуу боюнча жалпы максаттарга жетүү үчүн макулдашылган иш-аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле ЕЭК министри "Бүткүл россиялык талаа күнү – 2025" көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына жана карап чыгууга катышты, анда заманбап айыл чарба техникасы жана жабдуулары менен таанышты.