2026-жылдын 22-июлунда Евразия экономикалык бирлиги, анын мүчө мамлекеттери менен Монголиянын ортосундагы Убактылуу соода макулдашуусу күчүнө кирди.
Бажылык декларациялоодо Макулдашуунун алкагында Монголиядан же Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттинен келип чыккан жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келинген товарларга карата тарифтик преференцияны колдонууну көрсөтүү үчүн жаңы "МЕ" коду, ал эми EAM формасындагы товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат тууралуу маалыматтарды көрсөтүү үчүн - "06022" коду каралган.
2026-жылдын 21-июлунда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынды.
Аталган Чечим ал расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирерине көңүл бурабыз. Ага чейин, товарларды бажылык декларациялоодо "ТИ" кодун (1.1-бөлүмчөдө аталбаган, бажы алымдарын төлөө боюнча башка жеңилдиктер) жана "06999" кодун (товардын келип чыгышына байланыштуу башка документтер) колдонуу зарыл.
Жаңы коддорду киргизүү тышкы соода операцияларынын эсебин алууну жөнөкөйлөтөт жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууда финансылык чыгымдарды төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт.
Эске сала кетсек, Евразия экономикалык бирлиги, анын мүчө мамлекеттери менен Монголиянын ортосундагы убактылуу соода макулдашуусуна 2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында кол коюлган.