ЕЭКте товардык белгилер, соода маркалары жана бренддер тууралуу маалыматтарды көрсөтүү эрежелерин унификациялоону жана иретке келтирүүнү талкуулашты

Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директорунун орун басары Григор Оганяндын төрагалыгы астында өткөн Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин алдындагы профилдик жумушчу топтун отурумунда, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн товарларды бажылык декларациялоо эрежелерин өркүндөтүүгө жана андан ары унификациялоого багытталган бир катар демилгелүү сунуштары каралды. Иш-чарага ЕАЭБ мамлекеттеринин мамлекеттик органдарынын жана бизнесинин өкүлдөрү катышты.

Эксперттер тараптардын Товарларга декларацияны толтуруу тартибине, ошондой эле Бирликтин Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган бир катар сунуштарын талкуулашты.

Товардык белгилер жана интеллектуалдык менчиктин башка объекттери, ошондой эле соода маркалары жана бренддер жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү эрежелерин унификациялоого жана системалаштырууга байланышкан маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, эксперттер ЕАЭБдин Бажы кодексине интеллектуалдык менчиктин объекттери жөнүндө маалыматтардын мүмкүн болгон курамын конкреттештирген өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

Товарларга карата декларацияны толтуруу тартиби Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 чечими менен бекитилген.

Бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топ Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин чечими менен түзүлгөн. Анын ишмердигинин чөйрөсүнө товарларды декларациялоо маселелери, анын ичинде товарларга декларацияны толтуруунун формасы жана тартиби менен байланышкан маселелер кирет.


Скачать исходники фотографий