ЕАЭБде маркалоонун унификацияланган эрежелери жеңил өнөр жай продукциясынын жаңы түрлөрүнө карата жайылтылды
18.10.2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши идентификациялоо каражаттары менен маркалоого жаткан жеңил өнөр жай товарларынын тизмегин кеңейтүү жөнүндө Россия Федерациясынын сунушун карап чыгып, Евразия экономикалык бирлигинин колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Түзөтүүлөр ЕЭК Кеңешинин 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 127 "Жеңил өнөр жайынын айрым товарларын идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү жөнүндө" чечими менен бекитилген маркалоого жаткан продукциянын түрлөрүнө гана тиешелүү.

Маркалоо балдардын кийимдерине, сууда сүзүү үчүн костюмдарга, галстуктарга, балдардын жана аялдардын ич кийимдерине жана баш кийимдерге жана башкаларга жайылтылат. Көрсөтүлгөн товарларга карата ЕАЭБ өлкөлөрү 2025-жылдын 1-мартынан тартып маркаланбаган продукцияны жүгүртүүгө тыюу салууну белгилөөгө укуктуу.

"Жаңы товарларды этап-этабы менен киргизүү – бул керектөөчүгө продукциянын аныктыгына ынанууга мүмкүндүк берүүчү жана мыйзамсыз жүгүртүүнү азайтуунун эсебинен рыноктун ак ниеттүү катышуучуларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу Бирликтин маркалоо боюнча жалпы тутумун өнүктүрүү", — деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Ал баса белгилеп өткөндөй, товарлардын жаңы топторун маркалоо мурдагыдай эле унификацияланган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, Комиссиянын Кеңешинин 2019-жылдын 5-мартында № 19 чечими менен бекитилген, ЕАЭБде идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо тутумунун базалык технологиялык уюштуруу моделинин жоболору эске алынат. Ошентип, маркалоо коддорун өз ара таануу камсыз кылынат, бул Бирликтин аймагында жүгүртүүдө товарларды кайра маркалоо зарылдыгын жокко чыгарат.